123ru.net
World News in Kyrgyz
Октябрь
2022

Зордукталган секелек: төртүнчү шектүү соттолду

0
Зордукталган секелек: төртүнчү шектүү соттолду

Бишкектин Биринчи май райондук соту 4-октябрда 13 жаштагы секелекти зордуктоого айыпталган төртүнчү адамга карата өкүм чыгарды. Ага ылайык, кылмышка шектүү сегиз жылга эркинен ажыратылды. 

Кыргыз коомчулугунун көңүлүн бурган 13 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу экинчи соттук териштирүү 4-октябрда аягына чыкты.

Секелекти зордуктаганы үчүн сегиз жыл

Бишкектин Биринчи май райондук соту бул күнү секелекти зордуктоого айыпталган төртүнчү адамга өкүм чыгарды. Ага ылайык, кылмышка шектүү сегиз жылга эркинен ажыратылды.

Өкүм менен ишти караган судья Мирбек Сатарбек уулу тааныштырды:

"Айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 157-беренеси ("Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер") боюнча күнөөлүү деп табылып, сегиз жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу түрүндө жаза белгиленсин. Айыпталуучу жалпы тартиптеги түзөтүү абагында жазасын өтөсүн".

Судья ошондой эле айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди.

Мамлекеттик айыптоочулар соттон айыпталуучуга тогуз жылдык жаза сураган. Жабыркаган тараптын жактоочусу жазаны мүмкүн болушунча көп берүүнү өтүнгөн.

Жабырлануучунун жактоочусу Тимур Султановдун айтуусунда бул берене боюнча жогорку жаза 10 жыл.

"Сот сегиз жылга кести. Бүгүн өкүмдүн резолюциялык бөлүгү гана окулду. Өкүм толук колубузга тийгенден кийин биз кыздын ата-энеси менен кеңешип, бир чечимге келебиз", - деди жабырлануучу тараптын адвокаты Тимур Султанов.

13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталып, кесилген адам 20 жашта. Зордуктоого шек саналып кармалганга чейин Бишкектеги мейманканалардын биринде официант болуп иштеген. Мурда соттолгон эмес, бойдок. Соттук териштирүү учурунда ал күнөөсүн мойнуна албаганы айтылган.

Тергөөнүн материалындагы суракта айыпталуучу жабырлануучу кыздын жашы жете элек экенин билбегенин, мейманканага кыздын макулдугу менен барышканын айтып бергени жазылган. Айыпталуучуну милиция мейманкананын камерасынан аныктап, кармаган.

Секелекти зордуктоого айыпталган дагы үч адам

Бул кылмыш иштин алкагында жалпысынан төрт кишиге - эки милиция кызматкерине жана эки жаранга айып тагылган. 30-августта Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

Алардын бири - 41 жашта. Балдары бар. Мурда соттолгон, абактан 2009-жылы бошотулган. Сотто "Дордой" базарында кароолчулук кыларын айткан.

Экинчиси - 39 жашта. Үй-бүлөлүү, балдары бар. Жогорку юридикалык билимдүү. 2018-жылдан бери Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген.

Үчүнчүсү - 34 жашта. Балдары бар. Жогорку юридикалык билимдүү, сот тармагында иштеп жүргөн. 2016-жылы Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө нөөмөтчү милиционер, 2019-жылдан бери Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиционер болуп иштеп жүргөн.

Секелектин зордукталышына байланыштуу бардык сот жараяндары жабык өттү. Өкүм чыккандан кийин айыпталуучу тараптын жактоочулары комментарий берген жок.

Сот жараяндарына башынан байкоо салып келген Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн (балдар омбудсмени) кызматкери Гүлзина Бообекова күнөөлүүлөр тиешелүү жазасын алды деп эсептейт:

"Бул ишти Балдар укугун коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева жеке көзөмөлүнө алган. Ошондуктан, сот жабык өтсө да, ар бир жараянга келип, жүрүшүнө байкоо салып турдук. Күнөөлүүлөр соттон тиешелүү жазасын алды, Кыргызстанда бир да баланын укугу бузулбашы керек".

Кыз окуусун улантууда

Кыздын атасынын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, 30-августта Свердлов райондук сотунун чечими менен 15 жылдан эркинен ажыратылган эки милиция кызматкеринин жактоочулары сот өкүмүнө каршы жогорку инстанцияга арыз беришкен. Ушундан улам, соттук териштирүүлөр аягына чыкмайынча жабырлануучу тарап сот чечимдерин комментарийлөөдөн карманып турат.

13 жаштагы кыз учурда шаардагы мектептердин биринде окуп жатат. Мурдагы окуган мектебинде классташтарынан жана мугалимдеринен ыдык көргөнүн айтканы үчүн аны Балдар омбудсмени жарандык активисттер менен бирге башка мектепке жайгаштырганы белгилүү болду.

Президенттин алдындагы Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкери Гүлзина Бообекованын айтуусунда жабырлануучу кыздын социалдык абалы, окуусу да Балдар омбудсменинин көзөмөлүндө.

2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери жана дагы эки адам секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө "Кызымды колдон колго өткөрүшкөн" деген макала жарыялаган. Ушундан кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы коюлган акциялар Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу уюштурулган.

8-июлда ушул иш боюнча териштирүү жүрүп жаткан мезгилде Свердлов райондук сотунун алдында кыздардын укугун коргоо талабы менен митинг өткөн. Ага эки жүзгө жакын активисттер, укук коргоочулар катышкан. Ушундай эле пикет Ош шаарында да шаардык милициянын алдында болгон. Алар балдардын, аялдардын укуктары тепселенип жатат деген негизде ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышкан.

19-июлда ички иштер министри Улан Ниязбеков Бишкекте маалымат жыйын куруп, секелектин зордукталышы боюнча Свердлов райондук милициясынын жетекчисинин эки орун басарына сөгүш берилгенин жарыялаган.

Улуттук статистиканын маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о зеленых облигациях


Спорт в России и мире
Москва

Эксперт рассказала, как правильно выбрать одежду для спортзала


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Уимблдон

Рыбакина призналась, что её жизнь сильно изменилась после победы на Уимблдоне


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об эффективности проекта «Генеральная уборка»





Путин в России и мире
Москва

Путин всё знал, но никого не предупредил: Немцы обвинили Москву в прорыве израильского Купола


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Очередные кадровые назначения объявлены в Минске




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Владимир Зеленский подтвердил ракетный удар по аэродрому в Джанкое


Навальный в России и мире


Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Юрий Лоза

Лоза счёл полупустой зал на концерте Серова в Угличе знаком



Москва

Артем Быстров спасает родной город под хиты «Землян» и «Самоцветов»: телеканал ТНТ покажет комедийный сериал Okko «Очевидное невероятное» по рассказам Кира Булычева

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net