123ru.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2021

Сарыгулов: Бакиевдин келишими "саясий шоу" болгон

0
Сарыгулов: Бакиевдин келишими

"Азаттык" радиосунун "Бийлик сырлары" берүүбүздүн бул жолку коногу "Кыргызалтын" мамлекеттик ишканасынын экс-президенти Дастан Сарыгулов болду.

Ал президент Аскар Акаев менен илгерки мамилеси, адистиги жок болсо да алтын тармагын башкарып калганы, "Кумтөр" боюнча алгачкы келишимдер, алардын кайра өзгөртүлүшүнүн себептери, аларга өлкө президенттеринин катышы, "Кумтөрдүн" келечеги ж.б. суроолорго жооп берди. 

- Дастан Исламович, "1992-жылы Акаев, Чынгышев, Сарыгулов Канадагы барышып, Кумтөр боюнча алгачкы келишимди түзүп келишкен" деп көп айтылат, ушул чынбы?

- "Кумтөр" Кыргызстан үчүн эң ири инвестициялык долбоор болгондуктан аны башынан бери эле саясат коштоп, ушак-айың көп айтылып келе жатат. Акаев, Чынгышев Канадага барып, алгачкы келишимге кол коюп келгенде мен Талас облусунун губернатору болуп иштеп жаткам. Облуска 1992-жылы октябрь айында жетекчи болуп дайындалгам. Ал тургай Швейцарияга чыгып кеткен алтынды да мага жабыштырышат, ал дагы жалган. Ал окуя 1992-жылы жайында болгон.

- Сиз 1999-жылы "Кыргызалтын" ишканасынын президенттигинен бошотулушуңузду мыйзамсыз болгон деп жүрөсүз, дегеле кызматтан эмне үчүн шашылыш алышты деп ойлойсуз?

- Мен "Кыргызалтынды" жетектеп жатканда "Макмал" алтын комбинаты жанданды, "Солтон-Сары" алтын комбинатын өзүбүздүн күчүбүз менен куруп ишке бердик, башка долбоорлорду ишке ашырып баштаганбыз, ишибиз илгерилеп жаткан. Мени кызматтан алуунун себебин билгем. Убагында айрым кутумчулар президент Акаевди жаман көрсөтүш үчүн анын ишенимдүү адамдарына сокку урууну көздөштү окшойт. Дагы бир себеби: мен анда депутат катары Акаевдин жерге жеке менчик киргизүү саясатына каршы чыктым.

Акаевдин айланасындагылар "көрдүңүзбү сиз ишенип жүргөн Сарыгулов саясатыңызды колдобой жатат" деп ушактап жатышты. Андан кийин Талас - Чүйдү байланыштырган Чөңөр ашуусуна жол салынды, деп депутат катары чакырып калышты, мен барган жокмун. Ал тургай Акаевге кирип "сиз барбаңыз, бул жол жөн эле көз боёмочулук, уят болуп каласыз" деп айткам. Ага болбой Акаевге эки чакырым жолду көрсөтүп ачышты.

"Сарыгулов сиздин ишиңизди көрө албай жатат, далысын салып койду, депутат катары колдоо көрсөтүп, жолдун ачылышына барса болмок" деп Акаевге дагы мени ушактап жатышты. Андан кийин "Кыргызалтынды" үч жыл бою текшертишти, эч нерсе табышкан жок. Ага да алымсынышпай 1998-жылы мага жалган жалаа менен кылмыш ишин козгошту. Мен күн-түн иштей бердим, Кыргызстанда алтын өндүрүшү жолго коюлуп калды, "Кумтөр" ишке кирип продукция бере баштады. Анан президент Акаевге иштерман кишинин кереги жок болуп чыкты, ага кошоматчылар, кутумчулар керек болду окшойт, анан мени кызматтан алуу чечими чыкты.

- 2003-жылы "Камеко" компаниясы жоюлуп, "Центерра" деген жаңы компаниянын түзүлүшүнүн себебин сиз эмнеден көрөсүз, дегеле мындай өзгөрүү мыйзамдуу болгонбу?

- Мен "Кыргызалтын" ишканасынын жетекчилигинен 1999-жылы кеткем, "Центерра Голд" компаниясы төрт жылдан кийин түзүлгөн. "Камеконун" "Центерра Голд" болуп кайра түзүлүшү, алардын акцияларды чыгарышы толугу менен мыйзамсыз.

Жогорку Кеңеш бир нече жолу каршы болгонуна карабай акция чыгарышкан. Акция чыгарууга Жогорку Кеңеш макулдук бериш керек деп мыйзамда бадырайып жазылып турат. "Центерранын" түзүлүшү 1994-жылы кол коюлган башкы келишимге да каршы келет. Ушундай мыйзам бузууларга карабай өкмөттүн токтомдору да чыккан, ага өкмөт башчы Николай Танаев кол койгон. Дегеле, акция маселесин карап чечкенге өкмөттүн да укугу жок болчу. Мындай мыйзамсыз чечимдер президент Акаевдин жеке кызыкчылыгы, басымы, кысымы менен болгон.

- Ушул айтып отурган мыйзамсыз көрүнүштөрдү кийин бийлик алмашканда айта алдыңызбы? Бакиев президент болуп турганда сиз мамлекеттик катчы элеңиз?

- Мен Бакиевге айтсам: "өнөр жайды, айыл чарбаны, өндүрүштүн баарын Кулов экөөбүз тейлейбиз, сиз кийлигишпеңиз, сиз маданият, тил, идеологиялык маселелерди караңыз" деп койгон, анын сөзүнүн төркүнүн кийин түшүндүм. Анын үстүнө Конституция боюнча "мамлекеттик катчынын ишин президент аныктайт" деп жазылып турат.

2006-2007-жылдары "Кумтөр" чыгаша менен жыйынтыктады деп отчет берди. Бакиев президент катары, өнөр жай адиси катары "эмне үчүн чыгаша менен чыгып жатат" деп кызыгып, сурап да койгон жок. Ошол учурда эскирип калган "Макмал", кийин курулган "Солтон-Сары" ишканалары киреше менен иштеп жаткан. Бакиев "менин учурумда Кыргызстандын "Кумтөрдөгү" үлүшү өстү" деп жүрөт. Ал үлүш Бакиев 16 миң гектар жерди чалгындоого кошумча берип жибергени менен көбөйгөнүн билебиз.

Бакиев өндүрүшчү, мурдагы премьер-министр катары "Кумтөрдөгү" абалды, көйгөйдү жакшы билген. Ошонун баарына көзүн жуумп, 2009-жылы "Кыргызстан мындан ары "Кумтөргө" юридикалык, экономикалык, экологиялык доо койбойт" деп кепилдик берип, аны Конституциялык соттон бекитип, жаңы келишимге кол коюп берип жатышпайбы. Ал келишим толугу менен "Центерранын" кызыкчылыгы үчүн түзүлүп калган. Жогорку Кеңеш беш күндүн ичинде шашылыш бул келишимди жактырып токтом чыгарып жатат, өзүнчө эле "саясий шоу" болгон. Бул жерде да бийлик башындагылардын жеке кызыкчылыгы бар экени көрүнүп турбайбы.

Отуз жыл оюлган Кумтөр






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о достижениях медицины


Спорт в России и мире
Москва

Кыргызстанцы завоевали медали на международном турнире по танцам в Москве


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Анастасия Потапова

Потапова всухую обыграла Шнайдер в 1-м круге турнира в Мадриде


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Мокрый фасад: как сделать отделку по технологии СФТК





Путин в России и мире
Москва

Владимир Путин поздравил ветеранов с 50-летием начала строительства Байкало-Амурской магистрали


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко убежден, что белорусы «никогда еще так хорошо не жили»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Во Франции назвали бредом слова Зеленского про угрозу Путина Европе


Навальный в России и мире
Москва

Проводивший панихиду по Навальному* священник запрещен в служении



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Татьяна Рязапова

Предложения АИРР поддержала комиссия Госсовета



Москва

Рябков: потенциальные ядерные объекты в Польше станут военной целью РФ

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net