"Токтогул" - мөңгү суусун жыйнаган чөйчөк
Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 миллиард куб метр суу батат. Быйыл 10-июнга карата суу сактагычта 10,6 миллиард куб метр суу топтолду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3 миллиард куб метрге аз.