123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2021

Балалуу болууга бардык жактан камыныш керек

0
Балалуу болууга бардык жактан камыныш керек

Ар бир аял кош бойлуу учурунда, төрөт маалында жана төрөгөндөн кийин саламаттык сактоо мекемелеринен тийиштүү медициналык-санитардык жардам ала алат. Боюнда бар кезде, төрөгөндө жана төрөттөн кийин акысыз медициналык-санитардык көмөк көрсөтүү Мамлекеттик кепилденген программанын алкагында ишке ашат.

(67-берене. Кош бойлуу аялдар менен энелердин укугу, Кыргыз Республикасынын «Жарандардын ден соолугун коргоо боюнча» 2005-жылдын 9-январында кабыл алынган №6 мыйзамы)

Сүйүнчү, балалуу болосуз! Бул албетте, ар бир үй-бүлө үчүн кубанычтуу жаңылык. Бирок дал ушул маалда энелердин көпчүлүгү кош бойлуулукка жана төрөткө байланыштуу бир топ суроолорго туш болот:

Бул макалада сизди түйшөлткөн суроолорго жооп табууга аракет кылдык. Боюнда бар учурда, төрөп жатканда биздин өлкөдө аялдар үчүн кандай жеңилдиктер, акысыз медициналык тейлөө кызматтары бар экенин тизмектеп жазып бердик.

Кайда катталыш керек?

Биринчи жана кеңири жайылган варианты – жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк медицина борборуна, жалпы дарыгердик практика борборлоруна же фелдшердик-акушердик пунктка кош бойлуулук боюнча каттоого туруу. Аял паспортундагы расмий жашаган жерине карабай (прописка) чыныгы жашап жаткан жериндеги жакын жайгашкан медициналык тейлөө борборундагы дарыгердин көзөмөлүнө каттала алат. Бул Саламаттык сактоо министрлиги жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2013-жылы чыккан «Кыргызстандын калкынын үй-бүлөлүк дарыгерлерге катталууга байланыштуу эрежелерин бекитүү» боюнча №358 буйругуна ылайык ишке ашат.

Колдон келсе аял мурдатан каттоодо турган үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна каттоого турганы жакшы, себеби, мурдатан жасалган ар түрдүү анализдер жазылган амбулатордук картасы сакталуу болот.

Мамлекеттик кепилдик программасына ылайык, кош бойлуулар, төрөп жаткан аялдар, жаңы төрөлгөн ымыркайлар кош бойлуулук маалында жана төрөттөн 42 күн өткүчө акысыз медициналык тейленүүгө, үй-бүлөлүк дарыгерге бекер көрүнүүгө, боюнда бар аялдан клиникалык протоколго ылайык дарыланышы жана текшерилиши акысыз болууга укуктуу.

Ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгер, фелдшер кош бойлуу аялды каттоого алгандан кийин акысыз медициналык милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОМС) колуна бериши керек, бул полис менен темир, фолий кычкылы сыяктуу кош бойлуу маалда керектүү витаминдерди базар баасынан 50% жакын арзандатып алууга шарт түзүлөт.

Арзандатылган дары-дармектер кошумча камсыздандыруу полиси менен да берилет, бул тууралуу кеңири маалыматты Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун интернет-баракчасынан тапса болот. Ушул эле сайтта мамлекет кепилдик берген арзан дары каражаттарынын тизмеси да берилген.

Аял өз каалоосу менен менчик медициналык борборлорго да каттоого тура алат. Мындай шартта бардык медициналык чыгымды кош бойлуу аял өзү төлөйт. Жеке менчик борборду тандоодо андагы дарыгерлердин кесипкөйлүгүнө, лицензиясына кылдат көңүл буруу зарыл.

Качан катталыш керек?

Кош бойлуу аял дарыгерге түйүлдүк 12 апта болгуча катталууга тийиш. Догдур же фелдшерге эрте кайрылуу кош бойлуулук маалындагы кыйынчылыктардын алдын алып, аны туура пландоого жана төрөт күнүн так аныктоого жардам берет.

Аялдарда мурдатан болуп келген өнөкөт оорусу же гинекологиялык проблемалары, кош бойлуу боло албай кыйналган учурлары болот, ушундан улам дарыгердин көзөмөлүнө түйүлдүк жаралгыча эле турган оң. Баланы көтөрүү бир топ кыйынчылыктар менен коштолушу мүмкүн, андыктан канчалык кош бойлуулукту эрте пландап, каттоого эрте турган сайын төрөттүн бакубат өтүшүн камсыз кылуу ошончо жеңилдейт.

Кантип?

Катталуу үчүн ким экенин тастыктаган документтер болууга тийиш: паспорт, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (эгер жеке ишкер же дыйкан чарбада болуп, өзү сатып алса).

Болочок энени каттоого аларда керек болгон негизги документтер:

1.     Кош бойлуу эненин жеке картасы (форма 111/у).

2.     Үйдө өзү менен ар дайым ала жүрчү карта (форма 113/у).

Эгерде боюнда бар кезде аял жашаган жеринен көчүп кетсе, жаңы турак жайына жакын үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна, медициналык борборго (бейтапкана) же ФАПка каттоого тура алат. Мындай шартта мурда каттоодо жана көзөмөлдө турган үй-бүлөлүк медициналык борбордон келечектеги эненин ден соолугу тууралуу кылдаттык менен толтурулган документи талап кылынат.

Дарыгерге баруу

Биринчи ирет медициналык кароого барганда дарыгер толук текшерип чыгат. Мурда-кийин ооруган дарттарын сурап, айрыкча жугуштуу, өнөкөт ооруларга өзгөчө маани берет, операциялар, аллергия сыяктуу өзгөчөлүктөрдү сурайт.

Колдон келсе боюнда бар аял дарыгер менен биринчи жолугардын алдында андан сурай турган суроолорун тизмектеп жазып алса жакшы.

Каттоого туруп жатканда кош бойлуулукка чейинки бойдон канча ирет түшүп, канча ирет алдырганын жашырууга болбойт. Бардык майда-чүйдө маалыматтар боюнда бар эненин жана баланын саламаттыгы, сапаттуу кош бойлуулук үчүн маанилүү. Алгач дарыгер аялды таразага тартат, боюн ченейт. Бул тогуз айдын ичинде кошула турган оптималдуу ыктымал салмакты эсептөө үчүн жасалат. Андан соң дарыгер гинекологиялык кароо жүргүзүп, жатынды кармоо менен кош бойлуулук өз мөөнөтүнө туура келеби, кандайдыр бир гинекологиялык оорулар барбы деп текшерет.

Чогулган маалыматтарга таянуу менен кош бойлуу аялды тигил же бул тобокел топко бөлүп (өнөкөт оорулары болсо), дарыгер кош бойлуулукту байкоо планын түзөт. Карточкалар толтурулгандан кийин клиникалык протоколго ылайык анализдерди тапшырууга жолдомо берет. Бул протокол 2018-жылдын 4-апрелинде Саламаттык сактоо министрлигинин №243 буйругуна ылайык бекиген.

Эскертүү! Мамлекеттик медициналык жайлардагы бардык анализдер жана кароолор АКЫСЫЗ жасалышы керек!

Кайсы анализдерди ыраттуу түрдө сөзсүз тапшыруу зарыл?

Кандын жалпы (клиникалык) анализи.

Кош бойлуу учурдагы зааранын анализи.

ВИЧ жана сифилис оорусуна карата кандын анализи.

Антибиотиктерге сезимталдыгын аныктаган зааранын бактериалдык топтому.

Кош бойлуу учурда ультраүндүк текшерүү сөзсүз түрдө эки жолу жүргүзүлүшү зарыл. Биринчиси түйүлдүк 10-13 апта болуп калганда, экинчиси 18-20 апталык учурда.

Айрым тар багыттагы адистердин кеңештери, ар кандай жабдуулар менен текшерүү дарыгердин көрсөтмөсү менен зарыл болгондо гана ишке ашат.

Кош бойлуу учурда кандай дары-дармектер керек?

Ар бир аялга боюнда болгондо сөзсүз түрдө төмөндөгү дары-дармектерди, витаминдерди жазышат:

фолий кычкылы (суткасына 400 микрограмм)

темир

 калий йодид.

Бул дары-дармектерди ичүү мөөнөтүн боюнда бар болочок эне каттоодо турган медициналык кызматкер аныктап, жазып берет. Кош бойлуу аялдын абалына карай дагы кошумча препараттар да талап кылынышы толук мүмкүн.

Төрөткө чейин дарыгерге көрүнгөн сайын ал кош бойлуу эненин кан басымын ченеп, заарадагы белоктун өлчөмүн карайт, боюнда бар кездеги кооптуу белгилер тууралуу айтып берет. Алар - катуу баш оору, көздүн көрүү жөндөмүнүн начарлашы, кулактын чуулдаганы, далынын алдындагы оорулар, өтө тез шишип кетүү, жатын кынынан кан аралаш суюктуктун чыгышы, маалынан эрте суу кетип калуу, түйүлдүктүн кыймылдабай калышы.

Эмнеге «Ата-эне мектебине» барып, төрөткө даярдык курстарына катышуу керек?

Айрым аялдар төрөткө өзгөчө даярданууга зарылдык деле жок деп ойлошот. Ал эми төрөткө даярдоо курстарына барган аялдар өзү кызыккан суроолорго жооп алып, алдыдагы маанилүү окуяны толук кандуу пландоого бет алышат.

Курстарда сизге:

Кош бойлуулук тууралуу бардык маалыматты,

Баланы көтөрүп жүргөндө туура азыктанууну,

Жеке гигиена жана өзүнө кам көрүүнү,

Булчуңдарды чыңдоо көнүгүүлөрүн жана өзүнүн денесин чымыр алып жүрүү жолдорун,

Төрөткө даярданууну.

Төрөт маалында дем алуу техникасы менен кантип толгонуу жумшартуу ыкмаларын,

Төрөт учурунда дарысыз ооруну басаңдатуу жолдорун,

Төрөп жатканда өнөктөштүн ролу тууралуу,

Эмчек эмизүү жана анын артыкчылыктары тууралуу бардык маалыматты,

Ымыркайды багуунун жол-жобосун айтып беришет.

Кош бойлуу аял бул төрөткө даярдык курстарына өнөктөшү, күйөөсү менен чогуу барса жакшы. Себеби, күйөөсү аялына төрөт учурунда психологиялык чоң көмөк берет. Төрөт учурунда аялга өнөктөш катары күйөөсү, апасы, эже-сиңдиси же өзү тандаган адамы кире алат.

Төрөткө чейинки даярдык курстарынын эң башкы артыкчылыгы - толгоо маалында туура дем алуу, төрөт учурундагы позициялар, үн чыгаруу ыкмалары жана төрөткө чейинки, кийинки гимнастика, психотерапиялык тренингдер болот.

Кош бойлуулар үчүн даярдык курстары болочок ата-энелерге психологиялык көмөк көрсөтөт.

Төрөт

Ар бир кош бойлуу аял өз каалоосу же жолдошунун каалоосу менен төрөткананы тандап ала алат. Бирок боюнда бар мезгилдеги өнөкөт оорулардан, айрым кыйынчылыктардан улам дарыгер аялды экинчи же үчүнчү даражадагы төрөтканага жибериши мүмкүн.

Кайсы төрөтканага барбасын аял акысыз төрөйт, ошондой эле кесер жаруу ыкмасы менен операция да акысыз болушу керек.

Аялдын каалоосу болсо дарыгер төрөттөн кийин дароо эле 10 мүнөттүн ичинде жатынга спираль коюп бере адат же болбосо бойго бүтүүдөн коргонуучу бул ыкманы төрөгөндөн кийин 48 сааттын ичинде ишке ашырса болот.

Төрөтканага кайсы документтерди ала барыш керек?

Паспорт, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси (ОМС), кош бойлуу аялдын жанында ар дайым алыр жүрүүчү үй-бүлөлүк дарыгер берген картасы (обменная карта).

Болочок эне үчүн жеке гигиенага керектүү каражаттарды кошо ала барышы керек. Алар: тапичке, кийим (кыска түнкү кийим, төрөт үчүн кийчү футболка, пижама, байпак).

Ымыркайга топу, көйнөк, шым, жалаяк, кол кап, байпак, нымдуу салфеткаларды даярдап, электрондук термометр да салып коюш керек. Аны менен баланын дене табын өлчөйсүз.

Төрөткө кирчү өнөктөшү да футболка, жеңил шым, тапичке ала барышы зарыл.

Эскертүү! Төрөгөн аял жана анын үй-бүлө мүчөлөрү төрөтканадан чыгып жатканда жашаган дарегин бурмалабай, так билдириши керек. Ошондо гана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык кызматкерлери жаңы төрөгөн аялдын саламаттыгын текшерүүгө бара алышат.

Төрөтканадан чыгарда кайсы документтер керек?

Төрөтканадан чыгып бара жатканда эне же анын жакындары дарыгерден баланын туулгандыгы тууралуу атайын дарыгердин билдирмесин беришет, балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк алууда төрөткананын маалым каты талап кылынат. Ымыркайдын бул документин ата-эне райондук жарандык актыларды каттоо бөлүмүнөн же айыл өкмөтүнөн ала алат.

Төрөттөн кийинки кароо

Төрөтканадан же ооруканадан чыгып баргандан кийин үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун адиси жаш төрөгөн аялдын үйүнө алгачкы үч сутканын ичинде барат. Дарыгер үй-бүлө мүчөлөрүнө жана энеге баланы туура кароону, төрөттөн кийинки эненин саламаттыгындагы ыктымал ооруларды, калыбына келүү процесси тууралуу кеп-кеңештерин берет. Ымыркай менен энени текшерип кетет.

Эне болуу - ар бир аялдын эң чоң бакыты. Кош бойлуулукту туура пландоо, дарыгерге убагында кайрылуу, бардык-кеп-кеңештерди аткаруу кош бойлуулукта келип чыкчу опурталдуу абалдардын алдын алып, дени сак баланын төрөлүшүн шарттайт!

Автор: Бактыгүл Бозгорпоева, тукум улоочу саламаттык боюнча эксперт

Бул макала «Үй-бүлөнү пландоо боюнча кыргыз альянсы» коомдук бирикмеси тарабынан Кыргызстандагы Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу фондунун көмөгү менен уюштурулган «2018-2022-жылдарга карата жыныстык жана тукум улоочу саламаттык» долбоорунун негизинде жарыяланды.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Сергей Собянин рассказал об обсуждении благоустройства еще восьми общественных пространств


Спорт в России и мире
Москва

Расплата за расточительство! ФК «Оренбург» на домашнем поле уступил ФК «Динамо» (Москва) – 1:2


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Новак Джокович

Легенда тенниса рассказал, готов ли он опять стать тренером Джоковича


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Сенсорный сад с экотропами появится в Бутырском районе Москвы





Путин в России и мире
Москва

Тема дня: Путин назвал сохранение духовных ценностей условием укрепления суверенитета


Лукашенко в Беларуси и мире
Минск

Лукашенко убежден, что белорусы «никогда еще так хорошо не жили»




123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Зеленский допустил, что Москва и Киев начнут мирные переговоры


Навальный в России и мире
Москва

Запрещено в служении проводившему панихиду по Навальному священнику



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Валерий Гергиев

Модест Мусоргский жил и творил в уникальном месте – Валерий Гергиев



Москва

Москвичей призвали быть внимательными на улице из-за непогоды 25 и 26 апреля

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net