Дейзи Синделар "Эркин Европа/Азаттык радиосу" компаниясынын президентинин милдетин аткарып калды
АКШнын Дүйнөлүк Медиа Агенттигинин (USAGM, КШДМА) башчысынын милдетин аткаруучу Келу Чао (Kelu Chao) айым 24-январдагы буйругу менен “Эркин Европа / Азаттык үналгысы” ("ЭЕАҮ") компаниясынын президентинин милдетин аткарууну Дейзи Синделар айымга тапшырды. Синделар айым узак жылдар бою “Эркин Европа / Азаттык үналгысы" компаниясында кызматкер, редактор, президенттин милдетин аткаруучу жана аткаруучу жетекчи кызматтарында иштеп келген.
Андан 2 күн мурда Чао айым Эркин Европа / Азаттык үналгысынын президенти болуп жакындан бери иштей баштаган Тед Липиенди кызматынан алган. 22-январда “Эркин Азия” радиосу менен Жакынкы Чыгыш үчүн берүүлөр тармагынын жетекчилери да кызматтан кетирилген.
Чаонун соңку буйругуна ылайык, 24-январдан тартып Бей Фэңг (Bay Fang) айым “Эркин Азия” радиосунун президенти кызматына кайтып келди. Ал эми Келли Салливан (Kelley Sullivan) Жакынкы Чыгыш берүүлөр тармагынын президентинин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Чао айымдын өзү КШДМАнын башчылыгына АКШ президенти кызматына 20-январда киришкен демократ Жо Байден тарабынан ошол эле күнү түштөн кийин дайындалган болчу. Ал эми бул кызматты мурдагы президент Доналд Трамптын буйругуна ылайык Майкл Пак былтыр жай мезгилинен бери аткарып келген.
Майкл Пактын КШДМАнын башчысы катары иш-аракетин демократтар гана эмес, республикачылар да сынга алып келишкен. Пак өз кол алдындагы медиа каражаттарынын редакциялык мазмунуна кийлигишүүгө далалат жасады деген доого да кабылган.
Пактын ордуна келген Чао айымды эми АКШ Сенаты бул кызматка биротоло бекитиши керек. Бул – 2017-жылы кабыл алынган мыйзамдык талаптардын бири. Чао КШДМАнын башчылыгына дайындалган алгачкы айым болуп калды.
Келу Чао Тайванда төрөлгөн. Ал “Америка үнү” радиосунда 40 жылдан ашуун убакыт бою кабарчы, редактор, жетекчи болуп ар кыл кызматтарда иштеген. 1989-жылы Бээжиндеги борбордук “Тянаньмэн” аянтындагы кандуу окуяларды жеринен чагылдырган. Ал журналисттик ишмердиги үчүн 30дан ашуун ар кыл сыйлыктарга арзыган.
АКШнын эл аралык телерадиоберүүсүнө көзөмөлдөө жүргүзгөн КШДМАнын кол астындагы “Америка үнү” медиа компаниясы менен Кубага берүүлөр уюштурган кеңсе АКШ өкмөтүнө таандык. Ал эми КШДМАга баш ийген “Эркин Европа / Азаттык үналгысы”, “Эркин Азия” радиосу жана Жакынкы Чыгыш берүүлөр тармагы – киреше көздөбөгөн жеке менчик медиа каражаттары болуп саналышат жана алар америкалыктардын салыктарынын негизинде АКШ Конгресси тарабынан каржыланып иш алып барышат.
“Эркин Европа / Азаттык үналгысы” азыркы тапта Евразиядагы жергиликтүү өкмөттөр басма сөз эркиндигин чектеген 23 мамлекетте 27 тилде берүүлөрдү обого чыгарат жана интернет барактары аркылуу маалымат жайылтат. Анын баш кеңсеси Чехиянын борбору Прага шаарында жайгашкан. (TT)