Израил БАЭде өз элчилигин ачты
Израил Перс булуңундагы араб өлкөсү – Бириккен Араб Эмирликтеринде өз элчилигин ачкандыгын 24-январда Израилдин Тышкы иштер министрлиги маалымдады.
Жекшембиде израилдик элчи Эйтан Наэ (Eytan Naeh) Абу-Даби шаарына келип, мындагы элчилик расмий иштей баштагандыгын Израилдин ТИМинин билдирүүсү кошумчалайт. Эми бул элчилик эки өлкөнүн ортосундагы бардык тармактардагы карым-катнашты өнүктүрүүгө салым кошмокчу, деп айтылат жогорудагы билдирүүдө.
Эйтан Наэ 1963-жылы туулган. 2016-жылдан кийин ал Израилдин Түркиядагы элчиси кызматын аркалаган. 2018-жылы 15-майда Газа тилкесиндеги окуялардан улам расмий Анкара Наэ мырзага “персона нон-грата” жарыялаган. Наэ мырза эне тилинен тышкары англис, түрк жана араб тилдерин билет. Ал БАЭде убактылуу гана элчи болмокчу.
Израил менен БАЭ 2020-жылы 13-августта өз ара мамилелерди толук калыбына келтирүү тууралуу макулдашууга жетишкен. Буга чейин эле БАЭде Израилдин жашыруун дипломатиялык өкүлчүлүгү иштеп келгендиги тууралуу маалымат бар.
Расмий Абу-Даби Израилди экономикалык жактан бойкоттоосун токтотту. Израил болсо Иордан дарыясынын Батыш жээгинде кеңири аймакты ээлөө ниетинен баш тартам деп убада кылган. (TT)