Коронавирустан бир адам каза болуп, 71 кишиге жукту
Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын 25-январдагы маалыматына караганда, акыркы бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониядан бир адам каза болду. 71 кишиге вирус жукканы маалым болду.
Саламаттык сактоо министрлигинин жаңы эсеби боюнча коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдеттин курмандыктары 1401 кишиге жетти. Ушуну менен пандемия башталгандан бери инфекцияны жугузуп алгандардын жалпы саны 83 971 адамга жетти.
Азыр ооруканада 661 адам жатат, дагы 952 бейтап үйдөн дарыланууда.
25-январда медициналык кызматкерге коронавирус жуккан учур катталган жок.
Пандемия башталгандан бери илдетти жугузуп алган медкызматкерлердин жалпы саны - 4168. Алардын 4075и айыгып чыкты. Каза болгон медкызматкерлердин саны 90дон ашты. (BCh)