Дүйнөлүк банк: Кедей өлкөлөргө берилген жардам уурдалууда
Дүйнөлүк банк донордук уюмдар кедей өлкөлөргө берген жардам кандай сарпталганы тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Бул документте дүйнөдөгү эң кедей 22 өлкөнүн аты аталган. Арасында мурдагы советтик чөлкөмдөн Кыргызстан жана Армения бар.
Иликтөөнүн үстүнөн иштеген үч автордун бири Дүйнөлүк банктын кызматкери. Алар чет өлкөлүк жеңилдетилген насыяларга өзгөчө көз каранды 22 өлкөнү иликтешкен. Изилдөөнүн жыйынтыгында бул өлкөлөр ички дүң өнүмүнүн 1% түзгөн ири каржылык жардамды алаары менен кайра сыртка ири суммадагы акча которуу башталарын көрсөткөн.
Орто эсеп менен алганда жардамга келген акчанын 7,5% дароо сыртка чыгат. Иликтөөдө бул өлкөлөрдүн бийлиги мындан да көп акча "уурдашы мүмкүн" деп айтылат.
- Сыртка чыккан акча жардамга берилген каражаттын 7.5% гана түзөт деген бул эң кеми. Анткени изилдөөдө жардамга берилген акчадан гана сыртка которулган сумма эсептелген. Өлкө ичинде кыймылсыз мүлктү, кымбат баалуу буюмдарды сатып алганы эсептелген жок.
Эксперттер сырттан берилген жардам өлкөнүн ички дүң өнүмүнүн 3% тете болсо, ал эми сыртка которулган каражаттын көлөмү ошол жардамдын 15% чейин жетээрин байкашкан.
Иликтөөгө алынган өлкөлөрдүн ичинде Кыргызстан, Армения, Афганистан, Бурунди, Гана, Гайана, Гвинея, Замбия, Мавритания, Мозамбик, Малави, Мали, Нигер, Руанда, Танзания, Уганда, Эритрея жана Эфиопия бар.
Авторлор бул өлкөлөрдү капысынан эле изилдөөгө киргизген эмес. Экономикасы өтө чабал мамлекеттерге насыя берилгенде, андай өлкөлөрдөн сыртка чыккан ири суммадагы акча которуулар көзгө дароо урунат деп түшүндүрүшөт. (YI)