123ru.net
World News in Kyrgyz
Февраль
2020

Несанкционированная слежка и видеосъёмка для возможного заказа политического убийства граждан со стороны главы Кызыл-Кыштакского айыл окмоту Шарабидина Капарова

0
Несанкционированная слежка и видеосъёмка для возможного заказа политического убийства граждан со стороны главы Кызыл-Кыштакского айыл окмоту Шарабидина Капарова

КР Президенти С.Ш. Жээнбековго

КР Коопсуздук Кенешинин катчылыгына

723317, Ош облусу, Кара-Суу району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Кызыл-

Байрак айылынын тургуну Токторалиева Орозкандан (тел. 0770 352010)

АРЫЗ

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

30 январь 2020 жыл саат 11:00 да мени КР ИИМ уюшкан кылмыштуулук менен курошуу Туштук региону боюнча башкармалыгына (МРУ ГУБОП) тергоочуу Токоев Бактыбек Туратбекович чакырды. Тергоочуу Б. Токоев Жолонов Акмат менен суйлошкон аудиозаписьди мага угузду. Тергоочуу Б. Токоев “Сиз ошол аудиозапись боюнча эмне айта аласыз?”-деп сурады. Мен жооп бердим. Россия жараны Алмаз Нуржанов Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Шарабидин Капаровдун кошелёгу болот. А.Нуржанов Россия жараны болгондуктан, Акмат Жолонов атына муниципалдык жер тилкелерди каттап, андан кийин сатып, Ш.Капаровко долясын берет. Менин эки кызым Кожонова Махабат менен Токтаралиева Айзаттын уй-жай куруу учун жер тилкелерди ажыратуу жонундогу эки токтомун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүнөн Капаровдун кошелектору Россия жараны А.Нуржанов жана А.Жолоновдор алышкан. Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн Кожонова Махабат менен Токтаралиева Айзаттын жер тилке ажыратуу жөнүндө эки токтомун жана башка документтерин алышып, Ш.Капаров менен алдын ала суйлошуп АПЗ жана Кызыл китеп даярдашкан. АПЗ жана Кызыл китепте Кожонова Махабаттын, Токтаралиева Айзаттын жана куйоосунун кол тамгасын жасалмалашкан. Себеби, Кожонова Махабат Россияда, Токтаралиева Айзат Туркияда иштеп жүрөт, Кыргызстанга келишкен эмес. М.Кожонованын жана Токтаралиева Айзаттын жер тилкесин М. Кожонованын жана Токтаралиева Айзаттын уруксатысыз, анын куйоосунун уруксатысыз Капаровдун кошелёктору Россия жараны А.Нуржанов жана А.Жолоновдор кол тамгаларын жасалмалап Мамкаттоо каттоочусу (регистратору) же нотариус менен алдын ала суйлошуп сатып жиберишкен. Мен кылмышкерлер тобу тарабынан жасалган ал кылмыш боюнча укук коргоо органдарына кайрылганымда, Нуржанов Алмаз: “Эже арызынызды кайтып алын, камалып калбайлык, сиздерге 4 жер тилке берем, дагы 50 сотик жер тилкени жеке менчигинизге откоруп беремин”- деп жигиттик созун берди. Мен ыраазы болдум, ошондуктан тосмо арыз жазып бердим. Андан кийин коншум Жолонов Акмат уйумо келип: “Сиздерге 4 жер тилке беребиз, дагы 50 сотик жер тилкени жеке менчигинизге откоруп беребиз”-деп айтты. Мен ыраазы болдум. Анда тил кат жазып бересиз жана мен айтканды айтасыз, мен диктофонга жазып аламын”-деди. Мен: “Аны эмне кереги бар?”- десем. А.Жолонов: “Кылмыш ишти кыскартуу учун керек экен. Кылмыш иши жаабылышы менен 4 жер тилкени, 50 сотик жерди сиздерге беребиз”-деп айтты. Мен А.Жолонов уйроткон создорду айттым, А.Жолонов жазып алды. Ошол аудиозаписьдин башын тергоочуу Б.Токоев мага угузду. Анан дагы А.Жолонов: “Токтомду мен саттым деп жазып берин, сураныч, бирок числосун койбон, озум койуп аламын”-деп менден тил кат жаздырып алган.

Мен тергоочуу Б. Токоевко жер саткыч кылмышкерлердин мыйзамсыз аракеттерин айтып бердим. Бирок, ошол кунго чейин Ш.Капаровдун кошелёктору А.Нуржанов менен А.Жолонов мага убада кылган 4 жер тилкени жана 50 сотик жерди ажыратып бербегени учун, мыйзамсыз сатып жиберишкен кыздарымдын эки жер тилкесин мыйзамдуу ээлерине-кыздарыма кайтарууну талап кылдым.

Андан кийин тергоочуу Б. Токоев кафеда балык жеп отурган видеозаписьди мага коюп берди. Тергоочуу Б. Токоев: “Мирзакаримова жана башкалар менен кафеде балык жеп отурупсуз, сиз эмнеге балык жейсиз? Билесизби, сиз эмне иш кылып жатасыз? Камайм. Билесизби мен сизди эмне кыламын?”-деп мени уруп жибергидей болуп ордунан туруп, мага орой мамиле жасап, кабинетине камап алып, мени желкеме каттуу уруп, диванга туртуп салды. Эркиндигимди чектоо менен коркуткан тергоочуу Б.Токоев: “Сага корсотомун, урамын, олтуром деп, тилдеп, согунуп, коркутуп, кыйкырып, шантаждады. Тергоочуу Б.Токоевдун бакырган унун уккан, коридорда турган шеригим Мирзакаримова Гулнара эже жугуруп кирип телефонун видеосун жандырганда, анан Б.Токоев унчукпай калды, мени койо берди. Эгерде Г.Мирзакаримова кирбесе, тергоочуу Б. Токоевдун кабинетинен балким олугум чыгар бекен. Себеби, Б.Токоевдун: “Билесизби мен сизди эмне кыламын?”-деп коркутканы, мени керек болсо, олтуруп койомун, олугунду эч ким таппайт деп тушунса болот. Эмне учун мамлекеттен айлык алган Б.Токоев жер саткыч Ш.Капаровдун уюшкан кылмыштуу топ мучолору менен курошпой, коррупция жонундо айткан жаран менен курошот? Же Презденттин Коопсуздук Кенешинин жыйынында системалык коррупция менен курошуу жонундо укук коргоо органдарына берген тапшырмалары Б.Токоевке тийиштуу эмеспи? Же Б.Токоев башчысынын жана прокуратура органдарынын көзөмөлүсүз калдыбы?

Тергоочуу Б.Токоевден: “Жеке мүнөздөгү маалыматтыбызды камтыган бул аудиозапись менен видеозаписьди сизге ким берди?”-деп сурадым. Б.Токоев: “Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Капаров”-деп жооп берди.

Ш.Капаров, анын уулу Шарабидин уулу Шадыбек, кошелёктору А.Нуржанов жана А.Жолоновдор: “Олтүрөбүз, үйүн өрттөйбуз, үйүнөн кууп чыгабыз, балдарын тубуно жетебиз”-деп бизди мурда бир нече жолу коркутушкан. Ошондуктан Ш.Капаров бизден уруксат албай, Сот тарабынан санкцияланбаган жеке мүнөздөгү маалыматтыбызды камтыган аудиозапись менен видеозапись кылууга мыйзамсыз буйрутма берген. Ал буйрутма менен алынган аудиозапись жана видеозапись аркылуу бизди өлтүрүүнү пландаган болуушу мумкун. Себеби, Сот тарабынан санкцияланбаган артыбыздан байкоо (слежка) жургузуп, мыйзамсыз видеозапись кылып журууга адам өлтүргүчтөргө кылмыштуу буйрутма берген болуушу мумкун. Бирок, Президенттин атына бир нече жолу арыз менен кайрылып, биз менен бир нерсе болсо Ш.Капаровду күнөөлүү деп эсептоонузду суранганыбыз учун, жеке мүнөздөгү маалыматтыбызды камтыган ал видеозаписьди адам өлтүргүчтөргө буйрутма бербей, тергоочуу Б.Токоев менен алдын ала суйлошуп, бизди коркутуп, шантаждап беруусун буйрутма берген болуушу мумкун. Ш.Капаров: “юрист деген дипломум бар”-деп айтып журот, бирок жасаган кылмыштары, ал окуганбы озу?-деген шек жаратат. Ошол эле учурда тергоочуу Б.Токоев Соттун санкциясы жок, биздин жазуу урусатыбыз жок алынган, мыйзамсыз жеке мүнөздөгү маалыматтыбызды камтыган аудиозапись жана видеозапись канчалык денгээлде мыйзамдуулугу боюнча, Сот тарабынан санкцияланбаган артыбыздан байкоо (слежка) жургузуп, Сот тарабынан санкцияланбаган видеозапись кылып жургон адам өлтүргүчтөрдү, аларга мыйзамсыз буйрутма берген заказчикди тергоо амалдары жургузуп аныктаган эмес жана Ш.Капаровду кылмыш жоопкерчилигине тарткан эмес.

“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” КР мыйзамынын 6-беренесине ылайык Кармоочунун  (ээсинин) карамагында болгон жеке маалыматтар ушул Мыйзамда белгиленген учурдан башка жашырын маалымат болуп саналат. Жеке маалыматтарды кармоочу (ээси) жана иштеп чыгуучу ошол маалыматтарга уруксатсыз кирүүгө жол берилбеши үчүн, аларды жаап коюуга же өткөрүп  берүүгө  жана  жеке  маалыматтардын корголушун камсыз кылууга милдеттүү.

“Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” КР мыйзамынын 9-беренесине ылайык Жеке  маалымат  субъекти өзүнүн ар кандай жеке маалыматтарын башка бирөөгө берүү жөнүндө маселени өз алдынча чечет жана аны алуу фактысы далилдене тургандай таризде аны иштетүүгө эркин түрдө,  билип туруп аң-сезими менен макулдугун берет. Жеке маалыматтар субъект тарабынан же болбосо анын ишенимдүү адамы тарабынан берилет. Субъекттин макулдугу кагаз жүзүндө жазуу кол тамга коюлган документ таризинде билдирилиши керек. Жеке  маалыматтардын субъектинен  жеке маалыматтарды топтоого жана иштеп чыгууга анын макулдук бергендигин далилдеп берүү же ушул көрсөтүлгөн негиздердин болгондугунун далилдеп берүү милдеттенмеси жеке  маалыматтар  массивин  кармоочуга (ээсине) жүктөлөт. Бирок, О.Токторалиева жана Г.Мирзакаримова жазуу жүзүндөгү макулдугун Ш.Капаровго берген эмес жана алардын жеке маалыматтарын колдонуу боюнча жазуу макулдугун Ш.Капаровго беришкен эмес. Натыйжада КР Окмотунун №759 21.11.2017 ж. “Жеке маалыматтар субъектисинин жеке маалыматтарын чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугун алуу тартибин, алардын жеке маалыматтарын үчүнчү тарапка берүү жөнүндө жеке маалыматтар субъектилерине билдирүү тартибин жана формасын бекитүү тууралуу” токтомун талаптары юрист Ш.Капаров тарабынан одоно бузулган.

КР Конституциясынын 29-беренесине ылайык

1. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын корголушуна укуктуу.

3. Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты, жашыруун маалыматты жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.

4. Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты укук ченемсиз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укук ченемсиз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.

КР Президенти С.Ш.Жээнбеков Коопсуздук Кенешинин жыйынында кызмат адамдары адамдардын жеке маалыматтарын бузгандыгы үчүн жоопко тартуу керектиги жонундо укук коргоо органдарына тапшырма берген. Ошондуктан юрист жана жергиликтуу бийликтин башчысы болгон Ш.Капаров толук көлөмдө кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуулусу керек.

Конституциялык укугубузду тепелеп-тепсеген Ш.Капаров тарабынан жасалган кылмыштуу аракеттери курамында КР КЖК 186 беренесинин 1 болугу менен Адамдын жеке жашоосу жөнүндө купуя маалыматты анын макулдугусуз мыйзамсыз жыйноо, сактоо, пайдалануу жана жайылтуу боюнча, КР КЖК 320 беренесинин 1,2,3 болуктору менен Кызмат адамы тарабынан өз кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануусу, өзү, же болбосо башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылык алуу максатында же башка жеке кызыкчылыгында жоопкерчиликтүү абалды ээлеген кызмат адамы тарабынан жасалган жосундар менен квалификациялоо керек.

Жогоркулардын негизинде Сизден суранабыз:

1) Кызыл-Кыштак айыл окмотунун башчысы Ш.Капаровду, ал менен байланышы бар, анын буйрутмасы менен мени уруп, коркутуп, шантаждаган тергоочуу Б.Токоевди кылмыш жоопкерчилигине тартуулусун камсыз кылуунузду жана аныкталган мыйзам бузууларга чара коруунузду суранабыз.

2) Артыбыздан Сот тарабынан санкцияланбаган байкоо жургузуп, аудиозапись менен видеозапись кылып жургон адам өлтүргүчтөрдү, аларга мыйзамсыз буйрутма берген заказчикди тергоо амалдары жургузуп аныктап, аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуунузду суранабыз.

3) Кожонова Махабат менен Токторалиева Айзатка тийиштуу жер тилкелерин мыйзамдуу ээлерине кайтаруунузду, мыйзам бузууларга чара коруунузду.

4) Арыздарыбызды текшерүү үчүн Президенттин коррупция менен курошуу саясатын созсуз аткарган курамына КР Башкы прокуратурасы жана КР УКМКнын Борбордук аппаратынын кызматкерлери кошулган ыкчам тергөө тобун тузуп, тапшыруунузду суранабыз.

5) Арыздарыбызды текшерууну КР Президенти жана Коопсуздук Кенешинин катчылыгы козомолууна алуунузду.

6) Жеке кабыл алуунузду суранабыз.

 

Коррупционердин курмандары  О.Д. Токторалиева,

Г.М. Мирзакаримова, 19 февраль 2020 ж.

Р.S. Биз менен, биздин үй-бүлөбүз менен, биздин жеке менчигибиз менен бир нерсе болсо, жемкор Ш.Капаровду күнөөлүү деп эсептоонузду суранабыз, себеби бизди бир нече жолу өлтүрөбүз деп коркуткан.






Загрузка...


Губернаторы России
Москва

Собянин открыл движение по путепроводу через МЦД-3 и будущий ВСМ


Спорт в России и мире
Москва

GeekVape в сотрудничестве с Absolute Racing выиграла чемпионат в категории GT3


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина о том, что не играла в Индиан-Уэллс из-за болезни: «К сожалению, восстановление заняло много времени»


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Энергетические поля компенсируют растущие потребности в электроэнергии





Путин в России и мире
Москва

Путин уточнил у Беглова причины снижения популярности Петербурга у туристов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

Киев признал стагнацию ВСУ по всей линии фронта


Навальный в России и мире
Москва

СМИ: Байден и Шольц не успели предложить Москве обменять Навального



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Баста

EMIN, Баста, Полина Гагарина, Валерия и другие артисты исполнили песни Муслима Магомаева



Москва

Лавров заявил, что сфер сотрудничества России и Запада практически не осталось

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net