Баткенде “Российская газета” басылмасынын аллеясы ачылды
2020-жыл Кыргызстанда Орусия Федерациясынын жылына карата Баткен шаарында “Российская газета” басылмасынын аллеясы ачылды.
Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Баткен облустук администрациясынын басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Акрам Мадумаров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, “Российская газета” басылмасынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлчүлүгүнүн директору Дмитрий Евлашков, аталган басылманын ага кабарчысы Любовь Борисенко жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аллеяга ийне жалбырактуу бак отургузушту.
Акрам Мадумаров, аллея кыргыз-орус алакасын, Баткен облусунун аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн достугун, кызматташтыгын бекемдеген аллея болорун белгиледи.
“Российская газета” басылмасынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда Орусиядагы жана Баткен облусундагы жалпыга маалымдоо каражаттарынын ортосунда тажрыйба алмашууну, кызматташууну макулдашты. (MdN)