123ru.net
World News in Kyrgyz

Пакистан: христиан аялдын бошотулушуна каршы акцияга чыккандар соттолду

010
Пакистан: христиан аялдын бошотулушуна каршы акцияга чыккандар соттолду

16-январда Пакистан соту  христиан аялдын түрмөдөн бошотулганын каршы нааразылык акцияга чыгып, башаламандык уюштурган деген шек менен камакка алынган 86 адамга өкүм чыгарды. Алардын баары биригип, жалпысынан 55 жылга эркинен ажыратылды.

Беш баланын энеси, 55 жаштагы христиан аял Асия Биби «пайгамбарга акарат келтирген» деп айып менен 2009-жылы камакка алынган жана райондук сот өлүм жазасына өкүм кылган. 2017-жылы Жогорку сот христиан аялды актап, абактан бошоткон.

Асия Биби былтыр Канадага учуп кеткен. Бул өлкөдөн Бибинин эки кызы башпаанек алган.

Христиан аялдын акталып, бошотулушуна каршы болгон ашынган динчилдер бир канча шаарда нааразылык акцияларын уюштуруп, полиция менен кагылышкан жана ал Карачи, Лахор шаарларында башаламандык менен коштолгон.

Комментарии для сайта Cackle




123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в режиме онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас.