Мушаррафка чыгарылган өкүм "Конституцияга туура келбейт" деп табылды
Пакистанда трибунал мурдагы өкмөт башчы Перфез Мушаррафты өлүм жазасына тартууну буйруган атайын соттук коллегиянын чечимин «Конституцияга туура келбейт» деп тапты.
17-декабрда үч судьядан турган атайын сот "Мушарраф 2007-жылы Конституцияны убактылуу токтотуу жана өзгөчө кырдаал киргизүү менен мыйзам бузган" деп таап, мурдагы аскердик жетекчини өлүм жазасына өкүм кылган. Куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү сотто укуктук процедуралар бузулганын айтып, Мушаррафтын патриотизмин белгилешкен. Премьер-министр Имран Хандын өкмөтү да соттук териштирүүнүн адилеттүүлүгүнөн күмөн санаган билдирүүсүн жарыялаган.
Лахордун Жогорку соту 13-январда чыгарган чечим менен соттук коллегиянын өкүмүн толук жокко чыгарабы, азырынча белгисиз.
Пакистанды 1999-жылдан 2008-жылга чейин башкарган Мушарраф азыр Дубайда бозгунда жашайт. Мындан 20 жыл мурда генерал ошол кездеги премьер-министр Наваз Шарифти бийликтен төңкөргөн.