Мальтада премьер-министр алмашты
12-январда парламенттин депутаты Роберт Абеленин премьер-министрликке талапкерлигин Лейбористтер партиясы 58 пайыз добуш менен колдоп беришти. 42 жаштагы Абела кесиби боюнча юрист. Анын атасы Жордж Абела 2009 -2014-жылдары Мальтанын президенти болгон.
- Мен мурункудай эле катачылыктарга, жаңылыштыктарга көз жуумп койбойм. Биз сабак алган жаңылыштыктар менен биз кайталабай турган каталар болот, менин сөзүмө ишенип койгула, - деди ал шайлангандан кийинки сөзүндө.
Мальтанын экс-премьер-министри Йозеф Мускат былтыр декабрдын башында журналист Дафна Каруана Галициянын өлүмүнө байланыштуу кызматтан кетүүнү убада кылган.
Журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деп өкмөттө таасирдүү байланыштары бар белгилүү ишкер Йорген Фенекке шек саналып, камакка алынган.
Антикоррупциялык блогу менен таанылган журналист Галиция “Панама досьеси” менен да алектенген. Анын машинесин 2017-жылдын октябрында башкалаа Валеттада жардырып жиберишкен. 53 жаштагы журналист Галициянын өлтүрүлүшү боюнча Мальтада эки бир тууган менен алардын курбусу 2017-жылы камакка алынган. "Рейтерс" агенттиги аларга адам өлтүрүү үчүн 165 миң доллар төлөнгөнүн жазган.