Президент чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү
Президент Сооронбай Жээнбеков 13-январда чек арадагы абал боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымат таратты. Анда Жээнбеков коңшу өлкөлөр менен чек ара кызматташтыгын өнүктүрүүнү күчөтүү жана чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын коопсуздугун камсыз кылуу керектигин айтты.
Президент эки жакта тең чагымчыл аракеттерди болтурбоо үчүн чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу боюнча профилактикалык иштер тажик тарап менен тыгыз байланышта жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков тажик тарап менен чек арадагы абал боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө Кыргызстандын делегациясы даяр экенин билдирди. Жолугушуу 14-январда чек ара аймагында өтөт.
Кеңешмеге Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, ички иштер министри (ИИМ) Кашкар Жунушалиев, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы (УКМК) Орозбек Опумбаев жана Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев катышты.
10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чыр чыкты. Бул чатактан соң Кыргызстан окуя үчүн тажик жарандарын айыптап, Тышкы иштер министрлиги Тажикстандын элчилигинин өкүлүн чакырып, нааразылык нотасын тапшырды.
Ал эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара кызматы чатакка кыргыз жарандарынын аракети түрткү болгонун билдирген маалымат тараткан. (BTo)