Омандын жаңы султаны аныкталды
Перс булуңундагы Оман өлкөсүнүн жаңы султаны тандалды. Башкаруучу үй-бүлө жаңы султан катары буга чейин өлкөнүн маданият министри болуп келген Хайтам бен Тарик аль-Саидди жарыялады. 66 жаштагы султан Хайтам Оман буга чейин султан Кабус тандаган багыт менен өз жолун улантарын билдирди.
Омандын буга чейинки султаны Кабус бен Саид 79 жашында көз жумган. Өлкөнү туура 50 жыл бою башкарган Кабус мураскер катары да кимдир-бирөөнү ачык жарыялаган эмес.
Буга байланыштуу башкаруучу үй-бүлө өлкөнүн жаңы султанын тандады.
Аль-Саиддердин үй-бүлөсү Перс булуңундагы бул өлкөнү XVIII кылымдан бери башкарат.
Султан Кабус башкарган жылдары тышкы саясатта Батыш өлкөлөрү менен жакын мамилени кармап келген.