Каримованын үстүнөн жаңы процесс башталды
Өзбекстандын мурдагы президенти, маркум Ислам Каримовдун кызы Гүлнаранын үстүнөн жаңы сот процесси башталды. Өзбекстандын Жогорку соту «Телеграмдагы» билдирүүдө «Каримова жана бир нече кишинин» процесси 8-январда башталганы айтылат.
Августта Башкы прокуратуранын кеңсеси Каримова эки цемент заводунун мамлекетке таандык акцияларын мыйзамсыз сатып алып, кийин чет өлкөлүк ишкерлерге сатканын билдирди.
47 жаштагы Гүлнара былтыр мартта үй камагынын шарттарын бузган деп Ташкент облусундагы колонияга жөнөтүлгөн. 2015-жылы экс-президенттин кызы күчтөп акча өндүрүү жана салык төлөөдөн качыш үчүн соттолгон. 2017-жылы 10 жылга эркинен ажыратылып, бирок кийин 5 жыл кылып өзгөртүлгөн.
Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, соңку иш боюнча зыяндын көлөмү 170 миллион доллардан ашат.