8-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар калың жаайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-9-январларда Ысык-Көл акваторисында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…1;
Таласта түнкүсүн -5…-10, күндүз -4…1;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -3…2;
Нарында түнкүсүн -17…-22, күндүз -9…-11 градус болот.
Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз -1...1 градус болот.