Касем Сулейманинин сөөгү жерге берилди
Ирандын Керман шаарында «Кудс» тандалма аскер бөлүгүнүн башчысы, таасирлүү генерал Касем Сулейманинин сөөгү жерге берилди. Анын зыйнатына миңдеген адам катышты жана шаарда бул күн дем алыш деп жарыяланды.
Мунун алдында Тегеранда жүз миңдеген киши катышкан Сулеймани менен коштошуу иш-чарасы өткөн жана анда Ирандын жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи өзү дуба кылган.
Генерал 3-январда Ирактын Багдад шаарында аба майданынын жанында америкалык авиациянын соккусунан набыт болгон. Иран Сулейманинин өлүмү үчүн өч аларын эскерткен. АКШнын президенти Дональд Трамп эгер Тегеран америкалыктарга кол сала турган болсо Кошмо Штаттар Ирандын 50дөн ашык объектисине, алардын арасында маданий жайларга «өтө чукул жана өтө кубаттуу сокку урууга даяр турат» деп опузалаган.
Вашингтон генерал Сулейманини Ирак менен Сириядагы согуштардын «башкы архитектору» деп эсептейт.
Бул окуядан кийин Ирактын парламенти 5-январда америкалык аскерлерди өлкөдөн чыгарууга үндөгөн резолюцияны колдоп добуш берген. Трамп болсо Иракка «мурда көрүп көрбөгөндөй» санкция киргизилерин эскерткен.