Ошурахунова: Өкмөттүк эмес уюмдарды көзөмөлдөө аракетине акыркы окуялар себеп болушу мүмкүн
Укук коргоочу Динара Ошурахунова 2010 жана 2015-жылдагы окуяларга парламентте орунсуз, Конституцияга каршы демилгелердин көтөрүлүшү себеп болгонун айтып, депутаттар өлкөнүн кэчээки тарыхын унутпашы керек деген оюн айтты.
Ошондой эле укук коргоочу бул демилге Бишкекте жарандык коом өкүлдөрү коррупциялык иштерге жана сөз эркиндигин муунткан аракеттерге каршы «REакция» аттуу акцияга чыгышкандан кийин көтөрүлүп жатышы жөн жеринен эмес, аны бийлик колдоп жатат деген пикирде.
- Парламентке келген депутаттар Кыргызстандын тарыхын билбейт. 2010-жыл эмне үчүн болгон, 2005-жыл эмне үчүн болгон? Ошол кездеги парламенттер кандай демилгелерди көтөргөнүн, аларга эл аралык коомчулук жана жарандык коом кандай баа бергенин азыркы депутаттар билбейт, түшүнбөйт. Ошондуктан ушундай демилгелерди кайра-кайра көтөрүп жатышат. Райымкулов жана башкалар Констиуцияны, анын беренелерин, принциптерин так, жакшы билиши керек. Алар өздөрү Конституцияны билбегендиктен, ага каршы келген ушундай демилгелерди көтөрөт, - деди укук коргоочу.
Кыргызстанда коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарды өзгөртүү жөнүндө сунуш түшкөн. Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов иштеп чыккан мыйзам долбоору кабыл алынса, «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» жана «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө» мыйзамдарга алымча-кошумчалар кирет.
Иштелип чыккан долбоорго ылайык, коммерциялык эмес уюм жыл сайын каржы маселелери тууралуу өкмөт аныктаган формада отчет берип турууга милдеттүү болот. Эгер бул талапты аткарбаса мыйзам чегинде жоопко тартылышы керек болот. (ZB/BkA)