5-январга карата аба ырайы тууралуу маалымат
5-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жана Кыргыз тоо кыркаларында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5;
Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -8…-13;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -24…-29, күндүз -8…-13 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5, күндүз 5...7 градус болот.