Индонезияда селден жана көчкүдөн кеминде 53 адам каза тапты
Индонезияда селден жана көчкүдөн кеминде 53 жергиликтүү тургундун өмүрү кыйылганы расмий кабарланды.
Кырсык өлкөнүн борбор шаары Жакартада болду.
Куткаруучулардын айтымында, дагы көптөгөн адам ылайдын алдында калган болушу ыктымал.
Аба ырайы бузулуп, нөшөр жаан токтобой жаткандыктан электр энергиясы да үзгүлтүккө учуроодо. 400 000 миңдей адам убактылуу жайларга эвакуацияланды. (RK)