Министрлик гепатиттин оор түрлөрү жайылып жатканын эскертти
Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустук гепатит боюнча маалымат таратып, бул илдетти дарылоого караганда алдын алуу жеңил экенин эскертти.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, боорду жабыркаткан гепатит оорусунун В жана С түрлөрүнүн 85% эч байкалбай жүрө бериши ыктымал. Бирок ал оорулуу адам башкаларга жугуштуу болот.
Гепатиттин В түрүн алдын алуу үчүн Кыргызстанда Эмдөөнүн улуттук календарына ылайык балдар бир жашка чыкканча үч жолу эмделет.
Расмий маалыматка караганда, быйыл он айда В гепатитине 204 адам чалдыкты, алардын дээрлик баары 20 жаштан жогору курактагылар. Ал эми С түрүнө 44 адам чалдыкты.
Гепатиттин вирусу оңой менен өлбөйт, айрым дезинфекциялоочу заттарга туруштук бере алат. Аны дарылоо узак убакытты талап кылат. (RK)