Оренбург: Жол кырсыгынан каза тапкан төрт кыргызстандыктын тек-жайы аныкталды
Орусияда жол кырсыгынан каза тапкан төрт кыргызстандыктын тек-жайы аныкталды. Алар 29, 34, 35 жана 38 жаштагы жарандар экенин Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.
Мындан тышкары, дагы үч кыргыз жараны жараат алды. Абалын доктурлар орточо оор деп мүнөздөп жатышат, бүгүн реанимациядан стационарга которулат.
Окуя 8-декабрда Оренбург облусунун Казан - Оренбург - Акбулак автожолунун 76-чакырымында болгон.
Кыргызстандын Оренбургдагы ардактуу консулу Таалайбек Жандар уулу “Азаттык” радиосуна билдиргендей, казак-орус чек арасынан өткөндөн кийинки аймакта кыргызстандыктар бараткан “Тойота Превна” каршылаш тилкеде келе жаткан “Мерседес Спринтер” кичи автобусу менен коюшкан.
- Эки машине тең күйүп кеткен экен. Үч бала эптеп сыртка чыккан. Үчөө ошол жерден күйүп кеткен, төртүнчүсүн терезеден сууруп чыгарып жаткан маалда үзүлгөн. Ошентип, төрт жигит каза болуп, үчөө ооруканада. Дүйшөмбү күнү эгер доктурлар уруксат берсе алар менен жолугуп, чоо-жайын сураштырып көрөбүз, - деди Таалайбек Жандар уулу.
Ал эми “Мерседес Спринтерде” бир гана адам бараткан болчу. Ал Өзбекстандын жараны экени аныкталды. Ал да ооруканада.
Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда. Орус жарандыгын алган 500 миңдей кыргызстандык бар. (RK)