Назарбаевдин көмүскөдөгү бийлиги күчөдү
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн тунгуч мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаевдин кадр саясатындагы ыйгарым укуктарын кеңейткен буйрукка кол койду. Парламент депутаттары дээрлик бир ооздон бул буйрукту кубатташты.