Канадада парламенттик шайлоодо Трюдонун партиясы жеңди
Канадада 21-октябрдагы парламенттик шайлоодо премьер-министр Жастин Трюдонун Либералдар партиясы алдыга чыкты. Добуш берүүнүн баштапкы жыйынтыгына ылайык, өкмөт башчынын партиясы 157 округда биринчи болду.
Алардын башкы саясий атаандашы, Консерваторлор партиясы 121 чөлкөмдө утту. Үчүнчү болуп марага 32 мандат менен "Квебек блогу" келди.
Парламентте 338 орун бар жана башкаруучу коалицияны куроо үчүн кеминде 170 мандат керек.
Канаданын экс-премьер-министри Пьер Трюдонун уулу, 47 жаштагы Жастин Трюдо Монреалда өзүнүн тарапташтарына кайрылып жатып, "Досторум, биз муну ишке ашырдык. Куттуктайм!" деди.
Канадада соңку парламенттик шайлоодо 27 миллион адам добуш берди, бул жалпы шайлоочулардын 62,95 пайызын түзөт. Парламент төрт жылдык мөөнөткө шайланат.
Жастин Трюдонун партиясы 2015-жылдагы шайлоодо 184 мандат алган. Анда консерваторлорго 99 мандат тийген. Трюдо мындан төрт жыл мурун бийликке келгенде "көзгө көрүнгүдөй өзгөртүү" жасарын айткан жана бир топ прогрессивдүү, коомго жаккан убадаларды берген.
Бирок ал бийликте турган учурунда коомдун сүймөнчүгү болгон атак-даңкына көлөкө түшүргөн жагдайларда дагы аты аталды жана көптөрдүн үмүтү акталбай калды деп айтылып жүрөт.