123ru.net
World News in Kyrgyz
Январь
2020

Новости за 16.01.2020

Баткенде чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешме өтүп жатат (видео)

Azattyk.org 

Чек арадагы кырдаал боюнча координациялык кеңешмеде өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров облус аймагындагы коомдук-саясий абал тууралуу маалымат берди. Анда айтылгандай, 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасында 14 ирет чыр-чатак чыгып, анын 11и Баткен районунун, үчөө Лейлек районунун аймагында катталган. Чек арада чыккан чатактын сегизинде жергиликтүү эки эл тарабынан ок атылган. Чек ара аймагында тажик жарандары тарабынан 37, кыргыз тараптан 10 мыйзамсыз курулуштарды куруу катталган. Читать дальше...

Никитенко «Казактын» үй камагына чыгарылышын сынга алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Наталья Никитенко сот уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, «Казак» деген каймана аты менен белгилүү Умар Маратовду үй камагына чыгарганын сынга алып, Жогорку сот буга көңүл бурушу керектигин айтты. Ал парламенттин 16-январдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө өкмөттү кылмыштуулук менен реалдуу күрөшүүгө чакырды. - Сот Ошто «Казак» деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн үй камагына чыгарды. Бул киши бир катар кылмыш ишинде, анын ичинде жашы жете элек 16 жаштагы кызды зордуктоого шек саналып жатат. Читать дальше...



Баткенде чек ара маселеси боюнча координациялык кеңешме башталды

Azattyk.org 

16-январда Баткен шаарында кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу координациялык кеңешме башталды. Ага вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Орозбек Опумбаев (УКМК), Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров жана Баткен облусунун жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери катышууда. Кыргыз өкмөтүнүн мааламаты боюнча... Читать дальше...

Төрөбаев: элдин жашоо деңгээлин эшек, ат менен баалабаш керек (видео)

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда элдин жашоо деңгээли эшек, ат менен аныкталбашы керек экенин айтты. Бул тууралуу ал парламенттин 16-январдагы жыйынында билдирди. - Кыргыз Республикасынын жаранынын жашоо деңгээлинин жогорулашына шарт түзүп берүү өкмөттүн түздөн-түз милдети. Аны эшек, ат менен баалабаш керек. Менин пикиримде ал билим менен бааланышы зарыл, - деди Төрөбаев.   Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 14-январда Жогорку Кеңештин Транспорт... Читать дальше...

Дача-СУ айылындагы авиакырсыкка үч жыл

Azattyk.org 

16-январда Сокулук районунун Дача-СУ айылындагы авиакырсыкка үч жыл болду. 2017-жылы 16-январда таңга жуук түркиялык "Боинг-747-400" жүк ташуучу учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Авиа кырсык 39 кишинин, анын ичинде жаш балдардын өмүрүн алган. Набыт болгондордун 35и жергиликтүү тургундар, төртөө экипаж мүчөлөрү болгон. Мындан тышкары ондогон турак жай кыйраган. Кырсыктын үч жылдыгына байланыштуу эскерүү иш-чаралары тууралуу азырынча расмий маалыматтар жок.

Дүйнөлүк банк: өзбекстандыктардын 90% каттоо режимине каршы

Azattyk.org 

Өзбекстан калкынын 90% каттоо боюнча бардык чектөөлөрдү жоюп салууну кубатташат. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын иликтөөсүндө айтылат. Иликтөөгө ылайык, Өзбекстанда катталуу маселеси ички миграцияга тоскоолдук жаратууда. Дүйнөлүк банктын адистери катталуу режимин жоюу менен гана урбанизацияны өрчүтүү мүмкүн эмес экенин, бул үчүн шаарларда жеткиликтүү турак жай курууну көбөйтүү зарылдыгын белгилешет. Сурамжылоого ылайык, бул пикирди өзбекстандыктардын 80% колдогон. Изилдөөчү Уильям Зейтц ири масштабда жеткиликтүү турак жайларды куруп... Читать дальше...



Казакстан Беларуска мунай жеткирүү маселесин карайт

Azattyk.org 

Казакстан Беларуска мунай экспорттоо маселесин 20-январга чейин карайт. Бул тууралуу Казакстан энергетика министри Нурлан Ногаев билдирди.  Ногаев «Беларус мунай жана химия» концерни мунай жеткирүү жөнүндө Казакстанга өтүнүч жиберилгенин айтты. Эгер казакстандык компаниялар Минсктин шарттарына макул болсо жана баа боюнча макулдашса, тараптар келишимге кол коюшу мүмкүн. Беларус мунай жеткирүү боюнча быйыл Орусия менен макулдаша албай калгандан кийин Украина, Польша, Казакстан, Азербайжан жана Балтика өлкөлөрүнө кайрылган. Читать дальше...

Тажик парламенти орус тилдүү беш мектеп курууга макулдук берди

Azattyk.org 

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 15-январда орус тилдүү беш мектеп куруу жана аларды материалдык-техникалык жактан жабдуу жөнүндө Орусия менен Тажикстан өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимди ратификациялады. Расмий маалыматтарга ылайык, жаңы мектептер Дүйшөмбү, Куляб, Хожент, Бохтар жана Турсунзаде шаарларына салынат. Ар бир мекемеде 1200гө чейин окуучу окуй алат. Орто мектептер жакынкы үч жыл аралыгында пайдаланууга берилет. Орусия тараптын жардамы менен беш мектеп куруу жөнүндөгү келишимге 2019-жылы апрелде кол коюлган. Читать дальше...

Ленинград блокадасынын курмандыктары эскерилет

Azattyk.org 

Экинчи Дүйнөлүк согуш учурундагы Ленинград блокадасын эскерүү митинг-реквиеми 16-январда Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы эс алуу багында болот. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы кабарлады. Эскерүү иш-чарасына президенттик жана өкмөттүк аппараттын өкүлдөрү, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен, шаардык мэриядан жана шаардык кеңештен өкүлдөр, коомдук ишмерлер жана согуш ардагерлери катышары күтүлүүдө. Расмий маалыматтар боюнча учурда Бишкекте согуштун ардагери 148 болсо, алардын 11и Ленинград блокадасын көргөндөр. Читать дальше...

Кыргызстанда 2019-жылы салык 100% жыйналды

Azattyk.org 

Салык кызматынын маалыматына караганда, былтыр 83,9 млрд. сом салык чогултуп, алдын ала мерчемделген план 100%, тагыраагы 10,8 млн. сомго ашыгы менен аткарылды. Маалыматка ылайык, салыктардын төлөнүшү мурдагыу жылга караганда 4 млрд. 405,6 млн. сомго көбөйгөн. Алтын өндүрүүчү компаниялардын кирешелерине салык 128,1 %, бирдиктүү салык – 120,5%, жер салыгы – 111,3%, кыймылсыз мүлк салыгы – 107,5%, пайда салыгы – 106,4%, кыймылдуу мүлк салыгы – 104,4%, ыктыярдуу патенттин негизиндеги салык – 103,7%... Читать дальше...

Оренбургда автокырсыктан жети кыргызстандык жабыркады

Azattyk.org 

Окуя 14-январда эртең менен М-5 «Урал» трассасынын 181-чакырымында болгон. Анда үч автоунаа — эки "Mercedes-Benz Sprinter" менен "Honda Stepwgn" кагышкан. Окуянын кесепетинен сегиз киши — жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу менен "Honda Stepwgn" автоунаасындагы жети кыргызстандык жабыркаган. Алардын үчөө Бузулук районундагы оорукананын реанимациясына, бешөө хирургия бөлүмүнө жаткырылган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул окуяны көзөмөлүнө алганын маалымдады. Кыргызстандан Орусияга автоунаа менен бара жатып кырсыкка учурап... Читать дальше...

Кыргызстанда ЛГБТ өкүлдөрүнүн жашоосу тууралуу тасма тартылды

Azattyk.org 

GRACE коомдук уюмунун жетекчиси Лилия Тендин "Азаттыкка" билдиргенине караганда тасма лесбиянка, би-сексуал жана квир-аялдардын жашоосу тууралуу баяндайт.  Тасмадагы каармандар Кыргызстандагы ЛГБТ өкүлдөрүнө мамиле, анын ичинде сексуалдык жана башка зомбулуктарга кабылышы тууралуу айтып беришет. Тасманын бет ачары жабык өтөт: - Бул тасма кеңири аудитория үчүн тартылган эмес. Себеби, биздин коомчулук андай тасманы кабыл алууга даяр эместиги баарыбызга белгилүү. Ошондуктан, даректүү фильмдин бет ачары жабык болот. Читать дальше...

Бишкек соту "Сапаттын" кызматкерлерин экстрадициялоого каршы болду

Azattyk.org 

"Сапат" билим берүү мекемесинин эки кызматкери - Сенан Йылмаз менен Санжар Абдулхакимди Түркияга өткөрүп берүү тууралуу прокуратуранын өтүнүчү четке кагылды. Бишкек шаардык соту 15-январда бул маселени карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу алардын жактоочусу Зоотбек Кудайбергенов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, соттук териштирүү учурунда адвокаттар чет элдик жарандар качкын макамын сурап, Кыргызстандын миграция кызматына кайрылышканын маалымдашты. Мындан... Читать дальше...

Дача СУ айылындагы авиакырсыкка үч жыл болду

Azattyk.org 

16-январда Сокулук районунун Дача СУ айылындагы авиакырсыкка үч жыл болот. Кырсыкты эскерүү иш-чаралары тууралуу азырынча расмий маалыматтар жок. 2017-жылы 16-январда таңга жуук түркиялык "Боинг-747-400" жүк ташуучу учагы Бишкектин четиндеги Дача СУ айылына кулаган. Авиа кырсык 39 кишинин, анын ичинде балдардын өмүрүн алган. Набыт болгондордун 35и жергиликтүү тургундар, төртөө экипаж мүчөлөрү болгон. Мындан тышкары ондогон турак жай кыйраган. "Гонконг–Бишкек-Стамбул" багытында бараткан учакта... Читать дальше...

Спорт в России и мире
Москва

Федерация бокса России на ВДНХ


Загрузка...

Все новости спорта сегодня


Новости тенниса
ATP

Хачанов победил Черундоло и пробился в 1/8 финала турнира ATP в Майами


Загрузка...


123ru.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.


Загрузка...

Загрузка...

Экология в России и мире
Москва

Хамовники побили пятилетний рекорд по количеству сделок с недвижимостью





Путин в России и мире
Москва

Путин спросил Беглова о причинах снижения популярности Петербурга у туристов


Лукашенко в Беларуси и мире



123ru.netмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "123 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. Ru24.net — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

123ru.net — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.





Зеленский в Украине и мире
Киев

«Зеленский кричит»: польский генерал рассказал, что творится в Киеве


Навальный в России и мире
Москва

Силовики задержали за сутки пятерых журналистов, часть проходит по делу об «участии в работе ФБК», одного жестоко избили при задержании



Здоровье в России и мире


Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России






Загрузка...

Загрузка...



Сергей Шнуров

Сергей Шнуров и Гарик Мартиросян «не смогли поделить» участницу «Новой Фабрики звезд»



Москва

Сотрудники компании «Газпромнефть-СМ» поддержали акцию по сдаче крови

Друзья 123ru.net


Информационные партнёры 123ru.net



Спонсоры 123ru.net