Депутат журналисттин сабалышын «сөз эркиндигине чабуул» деп баалады
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго кол салуу сөз эркиндигине болгон чабуул экенин айтты. Депутат бул тууралуу фракциянын басма сөз кызматындагы видеомаегинде билдирди. - Менин таң калганым - Болот Темировду сабап кетишкенден кийин Ички иштер министрлиги (ИИМ) «Карактоо» беренеси менен иш козгоп жатат. Эмне үчүн башка берене менен иш ачылбайт? Анткени аны чак түштө сабап кетишти. Ал журналист экени белгилүү. Өзү «буга менин журналисттик ишим себеп болду. Читать дальше...