Даңазалуу архитектор Юймин Бэй 102 жашында дүйнө салды
Америкалык даңазалуу архитектор, бир катар белгилүү имараттардын автору Юймин Бэй 102 жашында дүйнө салды. Маркумдун эң белгилүү долбоору – Луврдын короосундагы пирамида. Музейдин кире беришиндеги 20 метрлик айнек конструкция 1980-жылдардын экинчи жарымында Франциянын ошол кездеги президенти Франсуа Миттерандын демилгеси менен тургузулган. Пирамиданы француз коомчулугу көпкө чейин сындап келишкен. Бэй өзү аны эң татаал заказ деп баалаган. Архитектор 1917-жылы кытайлык банкирдин үй-бүлөсүндө туулган. Читать дальше...