Согушта дайынсыз кеткен 1883 жоокердин жери табылды
Соңку беш-алты жылда Экинчи Дүйнөлүк согушка кетип, дайыны чыкпай калган 1883 жоокердин кайда курман болгону жана жайы табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” согушта дайынсыз жоголгондорду издөө иштерин жүргүзгөн “”Эрдик – Подвиг” коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов билдирди. "Кайрылуулар абдан көп болуп жатат. Акыркы жылдары дареги дайынсыз 1883 кыргызстандык жоокердин курман болгон жери жана сөөгү кайсыл жерге коюлганы такталды. Биз жакында эле үч үй-бүлөнү узаттык. Алардын аталары Новгород облусуна коюлуптур". Читать дальше...