Көлмө конушунда өрттүн айынан жети балалуу үй-бүлө көчөдө калды
8-май күнү Бишкектин четиндеги Көлмө жаңы конушунун Дастан көчөсүндөгү үй өрттөнүп кеткен. Кырсык күндүзгү 12 чамасында болсо да, тилсиз жоо бат эле үйдү толугу менен жалмап кеткен. Үйдө жашаган тургундар өздөрүн аман алып калууга араң жетишкен. Өрт учурунда иске ууланган чоң энеси азыр ооруканада. «Балдардын укугун коргоо» борборунун өкүлү Кумар Эргешованын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, жети балалуу үй-бүлө учурда жардамга муктаж. - Бүгүн короосуна боз үй тигип киришти. Аларга элдин жардамы керек... Читать дальше...