Мексикада жүргүнчүлөр учагы кырсыктады
Мексиканын Bombardier-601 учагы өлкөнүн тоолуу аймагына кулап түшүп, 13 жүргүнчүсү курман болду.
Мексиканын Bombardier-601 учагы өлкөнүн тоолуу аймагына кулап түшүп, 13 жүргүнчүсү курман болду.
Төртөө уранды чалгындоого, төрт лицензия долбоорлоо иштерине берилген. Бул тууралуу Кыргызстандын Кен иштетүү боюнча мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары Карыбек Ибраев парламенттеги коомдук талкууда билдирди. Анын айтуусунда, Кыргызстанда урандын ири кени жок, негизинен майда жана эки орточо көлөмдөгүсү бар. Алар - Кызыл-Омполдогу жана Сары-Жаздагы. Ибраевдин берген маалыматына караганда, ушул тапта уранды чалгындап, казып, иштетүүгө жалпы сегиз лицензия берилген: - Таза уран боюнча сегиз гана лицензия берилген. Читать дальше...
Мурат Суталинов бүгүн сот залынан бошотуларын өзү күткөн эмес. Бул тууралуу ал "Азаттык" радиосуна билдирди. Суталинов ошондой эле Апрель окуясы үчүн элден кечирим сурады: "Кыргыз элиме ыраазычылыгымды билдирем. Мени көп кишилер колдоду. Көп кишилер кечиришти. Рахмат. Эми канча калса, туура жашашым керек. Мен жабыркагандардын энелеринен соттон да кечирим сурагам. Азыр да сурап жатам, моралдык күнөөмдү азыр да сезем. Бирок ошол трагедиялуу окуяны токтотконго күчүм жеткен эмес. Азыр да кечирим сурайм бүткүл кыргыз элимен", - деди Суталинов. Читать дальше...
Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы Мурат Суталиновду ден соолугуна байланыштуу абактан бошотуу чечимин кабыл алды. Муратбек Суталиновдун саламаттыгы начарлап кеткенине байланыштуу аны эркиндикке чыгаруу маселеси жарым жылдан ашуун убакыттан бери каралып келатат. Ленин райондук соту 15-февралда аны эркиндикке чыгаруудан баш тарткан чечим чыгарган. Дарыгерлер Суталинов өсмө оорусуна чалдыкканы жана дарты өтүшүп кеткенин белгилеп келишет. Читать дальше...
УКМКнын мурдагы жетекчиси Мурат Суталинов абактан бошотулду.
Казакстанда 6-12-май аралыгында ички иштер органдарынын жеке курамы күчөтүлгөн иш режимине өтөт.
АКШ Иранга эскертүү иретинде Жакынкы Чыгыш тарапка аскердик кемеси баш болгон кошумча күчтөрүн жөнөтүп жатканын билдирди.
Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Алмамбет Шыкмаматов коомдук талкууда сүйлөгөн сөзүндө айтты: "Өкмөттүн токтому убактылуу болот. Президент да өз бүтүмүн билдирди, бирок кийинки мөөнөттө шайланып келген президент аны жокко чыгарып жибере алат. Парламент азыр бир бүтүм чыгарсак, кийинки чакырылыштагы депутаттар ага каршы чыгышы мүмкүн. Ошондуктан, биз азыр да эмес, элүү жылдан кийин да эмес... Читать дальше...
Америкалык Кала Вен ата-энеси жана бир туугандары менен Жалал-Абадга көчүп келген. Ал шал оорусунан жабыркаган балдарга үй шартында көнүгүүлөрдү жасап, башка кыздар менен бирге жардам берет. Кыргызчаны жакшы өздөштүргөн Калага азыр котормочунун да кереги жок.
Бул тууралуу парламенттеги "Бир Бол" фракциясынын лидери, талкууланып жаткан мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Алтынбек Сулайманов 7-майда уран маселеси боюнча коомдук угууда билдирди. Ушул тапта Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу коомдук угуу өтүп жатат. Аталган мыйзам долбоордун авторлору депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Канат Керезбеков. Читать дальше...
Ушул тапта Бишкек шаардык сотунун алдында абактагы Мурат Суталиновду эркиндикке чыгаруу талабы менен пикет өтүп жатат. "Суталиновго боштондук", "Мурат Суталиновго карата акыйкаттык" жана башка чакырыктар жазылган плакаттарды отуз чакты киши кармап турат. Сот баштала элек. Бүгүн Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы, түрмөдө отурган Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу аны абактан бошотуу маселесин карайт. Муратбек Суталиновдун... Читать дальше...
Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 12,5 жылга соттолду. Октябрь райондук соту өткөн айда чыгарган өкүмдү эми адвокаттын апелляциялык арызынын негизинде шаардык сот 14-майда карай турганын мекеменин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна кабарлады. Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук... Читать дальше...
Ош, 7-май, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. 6-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтында кулагы начар уккан жана дудук адамдар нааразылык акциясына чыгышты.
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров дүйшөмбү 6-майда Финляндияда Арктикалык кеңештин жыйынынын алкагында жолугушту. Помпео Лавров менен “жакшы сүйлөшүү” болгонун журналисттерге билдирди. Ал эки өлкөнүн кызыкчылыктары дал келген тармактар боюнча мамилелер өнүгөрүнө ишенерин айтты. Лавров жолугушууну конструктивдүү деп атады. Анын белгилешинче, тараптар өзөктүк туруктуулук маселесинде көзгө көрүнөрлүк жыйынтыктарга жетишти. Лавров америкалык... Читать дальше...
Бишкекте "Кол өнөрчүлүк жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча коомдук талкуу өтөт. Долбоордун автору, депутат Айнуру Алтыбаева мыйзам долбоор кабыл алынып калса Кыргызстанда кол өнөрчүлөрдүн палатасы түзүлө турганын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. - Кол өнөрчүлүк Кыргызстанда чоң тармак. Расмий эмес маалымат боюнча 170 миң кол өнөрчү бар. Ошондо дагы алар топ-топ болуп, өз алдынча иштешет экен. Мыйзам долбоордун негизги концепциясы аларды бириктирип, укуктарын коргоого багытталган. Мындан сырткары кол өнөрчүлүктүн өнүгүшүнө шарт түзүп... Читать дальше...
Бүгүн 7-майда Бишкек шаардык соту Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы башчысы, түрмөдө отурган Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу аны абактан бошотуу маселесин карайт. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы кабарлады. 15-апрелге белгиленген соттук отурумга Суталинов абалынын оорлоп кеткенине байланыштуу жеткирилген эмес. Мындан тышкары, Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү келбей калганына байланыштуу сот жараяны 7-майга жылган. Муратбек Суталиновдун... Читать дальше...
Түркиянын Борбордук шайлоо комиссиясы Стамбулдагы мэр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды. Мэр шайлоо 23-июнга белгиленди. Президент Режеп Тайып Эрдогандын “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” (АК) партиясы добуш берүү “коррупция жана мыйзам бузуулар” менен коштолгонун белгилеп, сотко кайрылган. 31-мартта мэр шайлоодо оппозициялык Элдик-республикалык партиянын мүчөсү Экрем Имамоглу жеңип чыккан. Добуш берүүгө 57 миллиондон көп киши катышкан. Анда Экрем Имамоглу АК партиядан талапкер, мурдагы премьер-министр Бинали Йылдырымдан 15 миң добуш көп алган. Читать дальше...
АКШ президенти Дональд Трамптын мурдагы адвокаты Майкл Коэн үч жылга абакка кесилип, дүйшөмбү күнү Нью-Йорктон 100 чакырым алыста жайгашкан Отисвилл түрмөсүнө жеткирилди. Ал “чындыкты айтып берер күндү” чыдамсыздык менен күтүп жатканын журналисттерге кыска комментарий берип жатып билдирди. Ошондой эле өлкө жетекчисин алдамчылыкка, ксенофобия жана акыйкатсыздыкка айыптай турганын кошумчалады. 52 жаштагы Майкл Коэн былтыр 12-декабрда салык төлөөдөн качканы, шайлоо өнөктүгүн каржылоо боюнча мыйзамды бузганы... Читать дальше...
Бүгүнтөн баштап Бишкектин көчөлөрүндөгү тогуз кесилиште “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында көзөмөл камералары иштей баштайт. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. Камералар иштей турган кесилиштер: Бөкөнбаев – Манас; Чүй – Манас; Чүй – Павлов; Жибек Жолу – Манас; Махатма Ганди – Боталиев; Ахунбаев – Байтик Баатыр; Жибек Жолу - Курманжан датка; Чүй – Абдрахманов; Байтик Баатыр – М.Горький. "Коопсуз шаар" долбоору 12-февралдан тартып Бишкек шаарында иштей баштаган. Читать дальше...
Ош шаардык сотунда Баткенде киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу ишти кароо уланат. Бул тууралуу кылмышка шектүү Мелис Калыковдун апасы Гүлбара Абдирашитова “Азаттыкка” кабарлады. Буга чейин Калыковдун бир тууган эжеси Дарика Калыкова сот адилетсиз жүрүп, айыпталуучулардын өтүнүчтөрү кабыл алынбай жатканына нааразы болгон. Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча... Читать дальше...
5-майдын кечинде Киевде “Настоящее Время” телеканалынын кабарчысы Владимир Рунецке ок тийип, жаракат алды. Донбасстагы согуштук аракеттердин ардагери журналистти бутка атып жиберген. Рунецке операция жасалды. Азыр анын өмүрүнө коркунуч жаралган жок, бирок дагы эки жолу операция болот. Ок чыгарган киши – украин армиясынын ыктыярчысы, 45 жаштагы Владимир Регеша. Ал журналисттин таанышына акча карыз болгон жана улам коркутуп турган. 5-майда кабарчы жана анын тааныш кызы отурган пабга келген. "Акчанын ордуна тапанчасын алып чыгып... Читать дальше...
Жогорку Кеңеште Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору тууралуу коомдук угуу өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады. Мыйзам долбоордун авторлору депутаттар Алтынбек Сулайманов, Алмамбет Шыкмаматов жана Канат Керезбеков. Жогорку Кеңеш 2-майда республика аймагында уран кендерин чалгындоого жана казууга тыюу салуу тууралуу токтом кабыл алган. Төрага Дастанбек Жумабеков Ысык-Көлдөгү... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.