"Коммерсантъ" SSJ-100 учагынын кырсыкташына учкучтардын аракети себеп болушу мүмкүн
41 адамдын өмүрүн алган "Сухой Супержет" учагынын "Шереметьево" аэропортунда кырсыкка учурашына учкучтардын аракети себеп болушу мүмкүн.
41 адамдын өмүрүн алган "Сухой Супержет" учагынын "Шереметьево" аэропортунда кырсыкка учурашына учкучтардын аракети себеп болушу мүмкүн.
Ооганстандын түндүк-батышындагы Тахар провинциясында талибдердин өткөрмө-бекетке кол салуусунан онго чукул киши каза болду. Облустук кеңештин төрагасы Вафиулла Рахманинин айтымында, 6-майда курман болгондордун баары коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү. Чабуул үчүн «Талибан» кыймылы жоопкерчилик алды. Согушкерлер 18 жылдык согушту токтотууга багытталган сүйлөшүүлөр кызып жатканына карабастан, дээрлик күн сайын коопсуздук күчтөрүнө кол салып келе жатышат. Ал эми Фарах провинциясындагы талибдер көзөмөлдөгөн... Читать дальше...
Нууман Сайдуллаев чыгармачылыгын журналистикадан баштап, кийинчерээк айылында өкмөт башчы, райаким кызматында иштеген.
Бул тууралуу «Азаттыкка» Жалил Атамбаевдин жактоочусу Шумкарбек Абжапаров билдирди. Анын айтымында, Жалил Атамбаев Ыдырыс Исаковду кечирди. - Доо арызды кайтарып алдык, - деди ал. - Бул боюнча 7-май күнү шаардык сотко өтүнүч бердик. Жалил Атамбаев «ыйык Орозо айында кечирдим, соттошпойм» деди. Абжапаровдун айтымында Жалил Атамбаев журналисттен тышкары дагы эки ишкерге каршы доо арызын да кайтарып алган. 17-апрелде «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков «Ош: салыктан буйтаган «ишкерлер»» деген иликтөөсүн жарыялаган. Читать дальше...
Орусиянын тышкы иштер министри Борбор Азияда, анын ичинде Өзбекстанда алгачкы өзөктүк электр станцияны кура турган аймак тандалганын билдирди.
«Кыргызстанда жиндилер менен эле жалкоолор уурдабайт». Турсунбек Чыңгышев, экс-премьер-министр.
Орусиянын Пенза шаарынын жыйырмадан ашуун мектебинде хижаб кийүүгө тыюу салынды. Шаардын райондук прокуратурасынын токтомуна ылайык, экстремисттик аракеттерге каршы туруу принциптерин сактоо максатында окуучулардын формасы боюнча тиешелүү жоболорго өзгөртүүлөр киргизилди. Буга чейин Татарстан Республикасынын борбору Казан шаарынын полиция кызматкерлери мугалимдерден мектепке хижабчан келген окуучулар жана алардын туугандары тууралуу толук маалымат берүүнү талап кылышкан. Бул тууралуу Татарстандын... Читать дальше...
Коомдук «Helpthechildren - SKD» кайрымдуулук фонду онкологиялык дартка чалдыккан балдарга колдоо көрсөтүү максатында “Алдыга умтул жана ут!” деген ураан менен акция өткөрдү. Жөө саякаттаганды жакшы көргөн жаштар тобу менен Ысык-Көл, Көл-Төр көлдөрүнө, Көк-Мойнок, Көңөрчөк каньондоруна, Белогорка жана Бөрүлү шаркыратмаларына үч саякат уюштурулду. Үч апта бою студенттер, мектеп окуучулары жана жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү бирдиктүү команда болуп, жолдогу кыйынчылыктарды чогуу жеңип, Кыргызстандын эң кооз жерлерин кыдырып чыгышты. Читать дальше...
Ирандын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Москвадагы жүргүнчү учактын кырсыкташына байланыштуу Орусиянын өкмөтүнө жана элине көңүл айтты.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эл аралык террордук уюмдарга адамдарды жиберүүгө бөгөт коюу жана аларды аныктоо максатында жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында террордук иштерге тиешесине байланыштуу шек саналып, издөөдө жүргөн кыргызстандык жаран кармалды. Ал Сирия менен Ирактагы согуш аймактарында диверсиялык-террордук даярдыктан өткөн. Ошондой эле ага эл аралык террордук уюмдар тарабынан согуштук аракеттерди жүргүзүү боюнча тапшырма берилгени аныкталган. Ал бул тапшырманы... Читать дальше...
Рим папасынын тарыхында 7-майда Түндүк Македонияга биринчи жолу келген Франциск кызматынан кетип жаткан президент Горге Иванов менен жолукту. Балкандагы үч күндүк сапарынын алкагында католиктердин диний көсөмү буга чейин Болгарияда болгон. 2,1 миллион калкы бар Түндүк Македония Болгария сыяктуу эле негизинен христианчылыктын православ багытын карманат. Ошондой эле бул өлкөдө калктын төрттөн бирин ислам динин тутунган албандар түзөт. Ал эми католиктердин саны болжол менен 15 миңдей. Франциск... Читать дальше...
Ош шаардык сотунда Баткенде киши колдуу болгон прокурор Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө байланыштуу соттук териштирүү башталды. Бүгүн, 7-майда алдын ала маалымат берүүчү жараян өтүп жатат. Сот жабык өтүп, жараянга жабырлануучулардын жана айыпталуучунун жакындары, журналисттер киргизилген жок. Сот имаратынын сыртында маркумдун жакындары айыпталуучу өмүр бою камалсын деген жазуусу бар плакаттарды кармап турушат. Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 18-ноябрда Баткендеги тоо арасынан табылган.
Коопсуздук күчтөрүнүн айтымында, Пакистандын түндүк-батышында эки жерде автокербенге согушкерлер кол салганда төрт жоокер каза таап, ону жарадар болгон. 6-майдагы эки окуя тең Пакистандын Ооганстан менен чектешкен, мурда «Талибандын» таасири күчтүү болуп келген Түндүк Вазиристан аймагында болгон. Аскерлерге кол салган биринчи топ окуядан кийин Ооганстанга өтө качкан. Экинчи окуя да чек арага жакын жерде болгон. Бул чабуулдар үчүн эч кайсы топ жоопкерчилик ала элек. Пакистан менен Оооганстандын чек арасынын узундугу 2400 чакырымды түзөт. Читать дальше...
Акыйкатчы Токон Мамытов «Азаттык» радиосунун кызматкери Ыдырыс Исаковдун ишин өз көзөмөлүнө алды. Мамытов журналистке байланыштуу соттук отурумга мониторинг жүргүзүүнү Акыйкатчы аппаратынын Ош облусундагы өкүлү Шамбеталы Касымовго тапшырган. Өкүл 7-май күнү журналист менен сүйлөшүп, ага юридикалык көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу өкүл Касымов «Азаттыкка» билдирди. Акыйкатчы институту журналист Ыдырыс Исаковдун иши боюнча сот кайсы жерде өтсө да, ага мониторинг жүргүзмөкчү. Эгерде сот Бишкекте карала турган болсо... Читать дальше...
Адамзаттын табиятка тийгизген таасиринен улам жакынкы он жылда бир миллиондой жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн түрү жоголуп кетиши мүмкүн.
8-майда Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда жаан карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8, күндүз 14…19; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 8…13... Читать дальше...
Улуу Жеңиш күнүнө карата Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көкбөрү боюнча республикалык турнирде биринчи лиганын финалисттери аныкталды. Жарым финалда Таластын «Алкан-Ата» командасы Ысык-Көлдүн «Көл-Төр» улакчыларына 1:4 эсебинде утулуп калды. Экинчи жупта «Кара-Бууранын» улакчылары «Ат-Башыны» 5:2 эсебинде жеңип финалга жолдомо алды. Натыйжада «Кара-Буура» жана «Көл-Төр» командаларынын ортосунда финалдык оюн 9-май күнү өтөт. Ал эми эртең 8-майда үчүнчү орун үчүн «Алкан-Ата» жана «Ат-Башы» ойнойт. Читать дальше...
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 7-майда парламентте өткөн коомдук талкууда сүйлөп жатып, өкмөт Кыргызстандын аймагында геологиялык-издөө, чалгындоо иштерине жана уран, торий чыккан жерлерди иштетүүгө тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун толугу менен колдоого аларын билдирди. - 22-апрелде өкмөт башчы өзүнүн позициясын билдирди. Ошону эле 2-майда парламент отурумунда да кайталадык. Президенттин сөзүн да уктуңуздар. Азыркы өкмөт уран кени боюнча бир да лицензия берген эмес. Биз лицензияларды иреттеп жатабыз. Читать дальше...
7-май күнү 112 кызматына «Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан бир кыз секирүүгө аракет кылып жатат» деген маалымат келип түшкөн. Куткаруучулар үйдүн 5-кабатынан 4-кабатына түшүп, кыздын өмүрүн сактап калышты. Кыз «Тез жардам» кызматына өткөрүлүп берилди. Кыздын өмүрүн Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 кызматкери сактап калды. (ZKo)
«Reuters» маалымат агенттигинин эки журналисти, 32 жаштагы Ва Лон менен 28 жаштагы Соэ Оо 1,5 жыл камакта отургандан кийин президент кол койгон мунапыска ылайык бошотулду. Алар Мьянмадагы мамлекеттик күчтөрдүн рохинжа мусулмандарынын толкундоолорун баскан окуялар тууралуу жазган материалдарында «мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган» деп жети жылга соттолгон. Алардын камалышын Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана башка эл аралык уюмдар сындаган. 23-апрелде Жогорку сот аларды жети жылга соттогон мурдагы өкүмдү күчүндө калтырган. Читать дальше...
Пара алууга шектелип кармалган Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов 12,5 жылга соттолду. Ал өкүм менен макул болбой жогорку инстанцияга кайрылды.
Кытайдын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Гэн Шуан Кытай Ирандын өзөктүк келишимдеги өз милдеттенмелерин так аткарып жаткандыгын жогору баалайт жана тиешелүү тараптардын жардамы менен келишимди сактап калууга аракет жасоону улантат деп билдирди.
Кыргызстандагы сөз эркиндигин коргоо комитети журналист Ыдырыс Исаковду колдоп президентке жана Жогорку сотко кайрылуу жиберди. Кайрылуу ээлери «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы Ыдырыс Исаков коррупцияга каршы жүргүзгөн иликтөөсү үчүн 50 млн. сомдук доосу менен сотко берилгенин белгилешкен. Муну менен бирге алар мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков менен жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевадан журналистти колдоп жана коргоп берүүнү өтүнүшкөн. «Коррупцияга баткан өлкөлөрдө иликтөөчү журналисттердин өмүрү жана саламаттыгы... Читать дальше...
Мурат Суталинов дарылоосун Кыргызстанда улантат. Бул тууралуу ал бүгүн сот залынан бошотулгандан кийин "Азаттык" радиосунун суроолоруна жооп берип жатып билдирди. - Бул жактын онкология ооруканасында жакшы дарылап жатышат. Чет жакка кетпейм. Бул жерде эле болом. Бошогондон кийин башка жакка кетип калат деп ойлошот окшойт. Эч жакка барбайм, - деди Суталинов. Ал ошондой эле Апрель окуясы үчүн моралдык жоопкерчиликти сезерин, бул үчүн жабыркаган тараптан кечирим сурап келатканын жана бүгүн бошорун күтпөгөнүн айтты. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
123ru.net — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.