Канадалык «Центерра Голд» (Centerra Gold Inc.) компаниясынын директорлор кеңешинин 11 адамдан турган жаңы курамына Кыргызстандын атынан бул жолу Аскар Өскөмбаев, Дүйшөн Касенов жана Максат Көбөнбаев кирди. Бул тууралуу аталган компаниянын сайтында кабарланды.
Кеңештин калган мүчөлөрү Ричард В. Коннор, Стивен А. Ланг, Майкл Парретт, Жак Перрон, Скотт Г. Перри, Шерил К. Пресслер, Брюс В. Вальтер, Сьюзан Юркович. Билдирүүдө айтылгандай, компаниянын акционерлери кеңештин жаңы курамын 1-майда Торонтодо шайлашкан. Читать дальше...