“КТ Мобайл чуусу” өкмөттү жарга такадыбы?
“КТ Мобайл” компаниясына байланыштуу жаңжал ырбады. Аны иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тууганы, “Ачык өкмөт” долбоорунун координатору Иманкадыр Рысалиевдин өз укугунан аша чапканы ачыкка чыкты. Мындан улам айрым эл өкүлдөрү Рысалиевдин жана Абылгазиевдин жоопкерчилигин кароо маселесин көтөрүүдө.