Гуманитардык уюмдар Сириядагы ишмердигин токтотууга аргасыз болууда
Эл аралык гуманитардык уюмдар Сириянын түндүк-батыш тарабында ишмердигин токтотту. Буга Хама жана Идлиб провинцияларында салгылашуулар күчөп кеткени себеп болду.
Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) гуманитардык жардамдарды координациялоо мекемеси кабарлагандай, бери дегенде 16 уюм ишин токтотту.
БУУнун маалыматына караганда, согуштан улам апрель айында 180 миң адам үй-жайын таштап бозгун болуп кетти. Сирия өкмөтү жана орус авиациясы урган аба соккулардан мектеп жана мектептер талкаланды.
Баш кеңсеси Британияда жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо салган борбор Хама провинциясынын түндүгүндө, Идлибдин түштүгүндө Башар Асаддын аскерлери менен оппозициянын куралдуу кагылышы уланып жатканын билдирди.
Дамаск жана Москва Идлибдин бир бөлүгүн көзөмөлдөп жаткан "Хайят Тахрир аш-Шам" исламчыл тобун тынчтык режимин бузду деп айыптап жатат.
Түркиянын Коргоо министрлиги 10-майда Сирия армиясын согуштук аракеттерди токтотууга, Москваны Дамаскка таасир көрсөтүүгө чакырган.
Сирияда куралдуу кагылыштар 2011-жылдан бери уланууда.