Таласта "Маданият сенден башталат" аттуу фестиваль өтүп жатат
Таласта "Маданият сенден башталат" деп аталган балдардын искусство фестивалы өтүп жатат.
11-майда Талас шаарынын борбордук аянтында 19 боз үй, 30га чукул чатыр тигилип, адистер алардын ичинде кол өнөрчүлүк, шахмат, сүрөт тартуу өңдүү өнөрлөрүн башкаларга үйрөтүүдө.
Иш-чарага президенттик аппараттын "Манас" оркестри да катышып, концерттик программаларды тартуулап жатат.
"Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фонду уюштурган саамалыкка 2 миңге чукул жергиликтуу тургун күбө болууда. Ага экс-президент Роза Отунбаева жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышууда.
Балдар фестивалы акындардын поэзия кечеси менен жыйынтыкталат. (AlS)