Орусия: эл кытайларга неге каршы?
Орусиянын Чувашия республикасында сүт заводун курмакчы болгон кытай инвесторлоруна каршы чыгышты. Жергиликтүү эл муну менен “кытайлар жерибизди ээлеп, кетпей коюшат” деп чочулап жатышат. Ошол эле маалда орус бийлиги чыгыш аймагында гектарлаган жерлерди бекер берип жатат.