SpaceX космоско жүк ташуучу кемесин учурду
Илон Масктын SpaceX компаниясы Эл аралык космос станциясына жүк ташуучу Dragon кемесин учурду. Учуу мезгили компаниянын Youtube сайтындагы каналында түз көрсөтүлдү. Жүк ташуучу кеме эл аралык космос станциясына тамак-аш жана илимий эксперименттерге керектелүүчү жабдыктарды жеткирет.
Март айынын башында SpaceX компаниясы учурган Falcon 9 ракетасы эл аралык космос станциясына ийгиликтүү конуп, кайра жерге кайтып келген. Ал – космонавтика тарыхындагы кишини космоско жеткирүүчү алгачкы коммерциялык кеме.