АКШ айрым өлкөлөрдүн Иран менен өзөктүк кызматташуу мөөнөтүн узартты
Ага ылайык, Орусия, Кытай жана европалык өлкөлөр Иран менен атомдук станциялар багытында кызматташууну уланта алышат.
Бул Тегерандын айрым жарандык өзөктүк программаларына тийиштүү. Мамдепартаменттин маалыматы боюнча, бул жеңилдиктен Бушердеги АЭС, Фордо, Аракедеги өзөктүк комплекстер жана Тегерандын изилдөөчү реактору пайдалана алат.
Бирок АКШ мамдепартаменти 3-майда кабарлагандай, байытылган уранды экспорттоого тыюу салынат.
Былтыр ноябрь айында Вашингтон Иранга каршы киргизген жаңы санкцияларынын мунай соодасына байланыштуу жобосун аткаруу маселесинде сегиз юрисдикцияга убактылуу жеңилдик берген. Ага ылайык Кытай, Индия, Түштүк Корея, Түркия, Италия, Грекия, Жапония жана Тайвань алты айга Ирандан АКШнын санкцияларына кабылбастан мунай импорттоого мүмкүнчүлүк алышкан.
Апрель айында Вашингтон 1-майдан тарта мындай жеңилдикти токтоторун жарыялап, Тегерандан мунай сатып алууну уланткан тараптар санкцияга кабыларын эскерткен.
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар кеңеши Вашингтондун бул кадамына жооп катары Перс жана Оман булуңдарын байланыштырган Ормуз кысыгын жаап салууга даяр экенин эскерткен.