Момбеков: бүгүнкү чечим сот реформасы ордунан жылбаганынан кабар берет (видео)
Абакта отурган саясатчылар Өмүрбек Текебаевге жана Дүйшөнкул Чотоновго карата чыгарылган Жогорку соттун чечимдери сот реформасы эч өзгөрбөгөнүнөн кабар берет. Мындай пикирин бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди.
- Өмүрбек Текебаевге, Дүйшөнкул Чотоновго карата сот өкүмү өзгөрүүсүз калганы сот реформасы болбогонунан, соттун кадамдары эмес, соттун адамдары гана өзгөргөнүнөн кабар берет. Өмүрбек Текебаевге карата соттун өкүмү өлкөнүн келечеги үчүн өтө өкүнүчтүү чечим. Мурдагы чечимдер саясий куугунтук болсо, бүгүнкү чечим бул саясий куйтулук деп так кесе айта алам.
3-майда Жогорку сот “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жактоочулардын арызынын негизинде жаңы мыйзамдар боюнча карап, мурдагы инстанциялардын чечимдеринин мүлкүнө байланышпаган тарабын өзгөртүүсүз калтырды. (KR)