"Лоя жырга" Ооганстанда ок атышууну токтотууга чакырды
Ооганстандын «Лоя жырга» деген ат менен белгилүү улуттук курултайынын катышуучулары бардык тараптарды өлкөдө ок атышууну тезинен токтотууга чакырды.
"RTA" мамлекеттик телеканалы кабарлагандай, "Лоя жырга" Ооганстанда "Талибан" кыймылынын кеңселерин ачууга жана туткундарды алмашууга да үндөдү.
Улуттук курултайдын ок атышууну токтотуу талабы боюнча ооган президенти Ашраф Гани пикирин билдирип, бийлик "акыйкат жана мыйзам чегинде талапты аткарууга даяр экенин", бирок аны экинчи тарап да аткарышы зарылдыгын белгиледи.
3200дөй уруу аксакалдарынын, диний аалымдардын, саясатчылар менен атактуу ооган жарандарынын башын бириктирген Кабулдагы төрт күндүк жыйын бүгүн, 3-майда жыйынтыкталды.