Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы болуп Абдыганы Эркебаев шайланды
Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрагасы болуп бүгүн Абдыганы Эркебаев шайланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчы Токон Мамытов кабарлады.
Буга чейин бул кызматты Кыргызстандын азыркы акыйкатчысы Токон Мамытов ээлеп келген. Бирок ал 2018-жылдын сентябрь айында акыйкатчы болуп шайланганда, өз арызын жазып 65 кишиден турган Ассамблеянын кеңешине тапшырган соң Зухра Федакова Кыргызстан элинин Ассамблеясынын төрайымынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.
Бүгүн Токон Мамытов курултайга келип, отчет берген соң, кеңештин мүчөлөрү аны кабыл алып, Абдыганы Эркебаевди төрага кылып шайлады.
Азыркы учурда Ассамблеянын кеңешинин курамы 55 кишиден турат.
Бүгүн Кыргызстан элинин Ассамблеясынын 25-жылдыгы белгиленди. Ага Кыргызстандагы ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү, президент Сооронбай Жээнбеков жана бийлик өкүлдөрү катышты. (BTo/KR)