ӨКМ жазгы чукул кырдаалдарга даярдык тууралуу маалымат берет
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жазында күтүлө турган түрдүү табигый кырсыктардын алдын алууга даярдык тууралуу маалымат берет.
Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз катчысы Элмира Шерипова "Азаттыкка" билдирди:
"Бүгүн биздин жетекчилик 2018-жылдагы ишмердүүлүгү боюнча жалпы маалымат берет. Андан тышкары жыл сайын жазында күтүлүүчү түрдүү табигый кырсыктардын алдын алуу иштери боюнча да тиешелүү адистер айтып беришет".
Жаз келип күн жылыганда дарыялардагы суулар ташып, нөшөрлөгөн жаандан пайда болгон сел айыл-кыштактарга зыян келтирип, айдоо аянттарын жууп кеткен учурлар арбын болот.
Кээде мындай кырсыктар жер көчкүгө чейин жетип, адам өлүмү менен коштолгон учурлар да бар.(ZKo)