Бишкекте жарандардан 215 даана курал-жарак алынды
Бишкек шаарында жарандардан эки күндө 215 даана курал-жарак жана 155 ок алынды. Алар куралды сактоо жана аны кайра каттоо талаптарын бузушкан.
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы тараткан маалымат боюнча, куралдар Нооруз майрамынын алдында, 18-19-март күндөрү коомдук тартипти сактоого багытталган рейд учурунда алынган.
Тартип сакчылары жалпы 26 объектини текшерген. Анын ичинде курал-жарак сактоо жайлары менен жеке күзөт агенттиктери да бар. Андан сырткары, аңчылык куралды алып жүрүүгө укугу бар 1073 киши, газотравматикалык тапанчасы бар 276 жана куралды белек катары алган 147 адам текшерилген.
Бул фактылардын бардыгы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, айыппулдар салынды. (BTo)