"Тонировканы" мыйзамдаштырууну дагы бир депутат сунуш кылды
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев парламенттин 24-январдагы жыйынында автоунаалардын айнегин караңгылатууну ("тонировка") мыйзамдаштырууну сунуш кылып, тиешелүү мыйзам долбоору даяр экенин билдирди.
- Бир топ депутаттар “тонировка” маселесин көтөрүп жатышат. Мисалы жарандарга машинесинин айнегин караңгылатуунун баасын 500 доллардан кылсак, жылына 20 миң машине алса 10 млн. доллар болот экен. Ал акчаны жөн эле республикалык бюджетке кетирбей так максатын көрсөтсөк болот. Мисалы, азыр футбол өнүгүп жатат. Ал каражатка жаңы футбол аянтын куралы. Муну жарандар да колдойт деп ойлойм. Өкмөт, адистерди чакырып буга каршы же макул экенин аныктап, так жооп бергилечи. Макул болсо менде мыйзам долбоору даяр, - деди Бекешев.
Мунун алдында “тонировканы” мыйзамдаштыруу боюнча 23-январда Жогорку Кеңештеги “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү, депутат Исхак Пирматов да демилге көтөрүп чыккан.
Январдан тартып күчүнө кирген Тартип бузуу жөнүндө кодекске ылайык, машинелердин “тонировкаларын” Транспорт жана жол министрлиги тескейт.
Бирок өкмөт мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорду парламентке жөнөттү. Ал мыйзам долбоорунда машиненин айнектерин караңгылатып жүргөн айдоочуларга айыппул салуу кайрадан Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлоруна жүктөлөт.
Мыйзам боюнча айнегин караңгылатып жүргөн айдоочуларга салынчу айыптын өлчөмү жеке жактар үчүн 3 миң сом болсо, юридикалык тараптар үчүн 13 миң сом. (BTo)