Премьер-министр: “Түндүк” системасын каржылоо маселеси чечилген
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Түндүк” ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттешүү тутумунун алкагындагы мамлекеттик органдардын жүргүзүп жаткан иштери боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Өкмөт башчы былтыр декабрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында процесстерди автоматташтырууну киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынганына карабай көптөгөн министрлик жана ведомстволор ишти жетишсиз жүргүзүп жатканын белгиледи.
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» Мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева министрлик жана ведомстволорундагы планды ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, мамлекеттик органдарды «Түндүк» системасына кошуу боюнча иштер беш баскычтан турат.
2018-жылдын 31-декабрына чейин 15 мамлекеттик органда 36 маалымат базасын ишке ашыруу керек болсо, бүгүнкү күндө 12 мамлекеттик органда 27 маалымат базасы ишке ашырылган.
Абылгазиев “Түндүк” системасын каржылоо маселеси чечилгенин, көрсөтүлгөн убакта бардык пландаштырылган иш-чараларды жыйынтыктоо зарылдыгын эскертти.
Маалымат боюнча “Түндүк” электрондук системасы аркылуу 189 кызмат көрсөтүүнү санарип форматына өткөрүү пландалып жатат. (КЕ)