Заманбап стадион куруу маселеси парламентте да көтөрүлдү
Футболду өнүктүрүү үчүн өкмөт шаардын сыртынан стадион курууга жер бөлүп бериши керек.
Мындай сунушту бүгүн, 24-январдагы парламент жыйынында депутат Тазабек Икрамов айтып чыкты. Эл өкүлү спорттун ушул түрүн колдоо максатында жаңы түзүлүп жаткан Футбол академиясын салыктан бошотуу, футбол боюнча курама команданын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү демилгесин көтөрдү.
Ушундай эле пикирди “Кыргызстан” фракциясынын мүчөсү Алмаз Батырбеков көтөрүп, бул маселени жазга чейин баштоо зарылдыгын айтты.
- Өкмөт ушул демилгелерди курал катары көтөрүп, эртерээк башташ керек. Биз ушул деңгээлге көтөрүлгөн футболчуларды колдоону ушу менен билдирели.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн таңда Бишкекке учуп келди. «Ак шумкарларды» "Манас" аэропортунан биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баш болгон бийлик өкүлдөрү жана көптөгөн күйөрмандар тосуп алды.
Футболчуларды тосуп алган учурда ишкер Аскар Салымбеков жаңы стадион курууга мезгил келгенин белгилеген.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион - эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда “Спартак” стадиону деп аталып, 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулган. 1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Стадиондо футболдук аянты, сегиз спортчуга ылайык чуркоо жолу, 19 миң күйөрман сыйган трибунасы, спорт ийримдери үчүн жайлары бар. (КЕ)