“WhatsApp” аркылуу улуттар аралык кастыкты козуткан жаран кармалды
Ички иштер министрлиги “WhatsApp” аркылуу улуттар аралык кастыкты козутуу боюнча материалды тараткан жаранды кармады. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай кармалган адам “WhatsApp” менен өзбек улутундагы балдардын мушташы тартылган видеону тараткан.
Ал тасма башка да социалдык тармактар аркылуу жайылып кеткен. Анда видеодогу окуя Ош облусунун аймагында тартылганы тууралуу маалыматтар бериле баштаган.
Ички иштер министрлиги аталган видео Өзбекстандын Наманган облусунда болгонун жана ал өлкөнүн Башкы прокуратурасы аталган факты боюнча кылмыш ишин козгогонун билдирди.
Министрлик жарандарга аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козутуу белгилерин камтыган материалдарды даярдоо жана жайылтуу менен жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренесине (расалык, этникалык, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертет. (BTo)