ИИМ: Карызын өндүрө албаган адам кылмыштуу топтун мүчөсүнө кайрылган
Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы "алдамчылыкка" шектүү катары бир адам кармалып, соттун чечими менен тергөө абагына киргизди. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
2018-жылдын аягында Бишкек шаарынын 53 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Арызда "өзүн Кыял деп тааныштырган киши ала албай жүргөн карызымды өндүрүп берем деп 17 миң сом алып, дайынын таптырбай кетти" деп жазылган. Ошондой эле "карызыңды алып берем" деп акча алган киши өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүмүн деп тааныштырган.
Милицияда топтолгон маалыматтардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 2-бөлүмү (алдамчылык) менен иш козголуп, шектүүнү издөө иштери башталган.
ИИМ кылмышка шектүү катары кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары тизмеде турарын билдирди. (TSh)