ЖЭБдеги тендерге айыпталуучунун жактоочусу соттун чечимине макул эмес
22-январда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоодогу тендерге байланыштуу айыпталуучуларды 6-7 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Бирок соттолуучулар айыптоо жана соттун чечимдерине макул эместигин билдирүүдө. Соттолгондордун бири “Аймар Энержи” фирмасынын жетекчиси Темирбек Ниязовдун адвокаты Александр Хегай айыпталуучунун күнөөсү аныкталган жок деп эсептейт.
Бишкек жылуулук электр борборунун айланасындагы кылмыш иштердин бири боюнча соттун алгачкы чечими чыкты. Ага ылайык, «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Бердибек Боркоев жети жыл алты айга, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси Темирбек Ниязов менен «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы техникалык директору Алмаз Жусупбеков жети жылга, «Аймар Энержи» жоопкерчилиги чектелген коомунун уюштуруучусу Канат Деркенбаев алты жылга эркинен ажыратылды. Өкүмдөн кийин Канат Деркенбаевдын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынды. Ал эми башка айыптоочулар буга чейин эле камакка алынган.
Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүмү («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу), 205-беренесинин 3-бөлүмү («Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу») жана 78-беренеси («Кылмыштардын жыйындысы боюнча бир жаза дайындоо») боюнча күнөөлүү деп тапты. Ошондой эле «Электр станциялары» ишканасынын доо арызы канааттандырылып, соттолгондордон мекеменин пайдасына 6 683 028,75 сом өндүрүү тууралуу чечим кабыл алынды.
Бирок бул иштер ЖЭБди модернизациялоого жана андагы аварияга түз тиешеси жок. Бул 2017-жылдагы жылуулук борборундагы отказандарды оңдоодогу жана ага өткөн тендердеги мыйзамсыздыктар боюнча козголгон кылмыш иши. (TSh)